Лаос тили (лаотян) – лаолордун тили, Лаостун расмий тили.
Лаоско, Тайланддын түндүк- чыгышына, Кытайдын түштүк-чыгышына жана Камбожага тараган. Тайланддын түндүк-чыгышында «лао-исан» же «тай-исан» деп да аталат. Бул тилде 12 млндон ашык киши сүйлөйт (2010). Кытай-тибет тил уясынын тай тобуна кирет. Бир нече диалектилерге бөлүнөт. Лаос тили обочолонмо тилдерден, сүйлөмдө сөздөрдүн орун тартиби туруктуу жана аналитикалык жол менен байланышат. Лаос тилинин Лаос аймагындагы алгачкы жазмалары 13-кылымга таандык.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Лаос тили, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.