Винсент Виллем Ван Гог (нидерланд тилинде Vincent Willem van Gogh, 30 март 1853, Түндүк Брабант, Грот-Зюндерт, Нидерланддар — 29 июль 1890, Парижге жакын Овер-сюр-Уаз, Франция) — бүткүл дүйнөгө атагы чыккан нидерланддык сүрөтчү.
Жаш кезинде сүрөт сатуучу фирмада жана чиркөөдө кызмат кылган. 1881-85-жылы Голландияда жашаган. 30 жашында сүрөт тарта баштап, адепки чыгармаларында («Дыйкан аял», 1885; «Картошка жеп жаткандар», 1885) карапайым адамдардын турмушун чагылдырган. 19-кылымдагы сынчыл реализмдин салттарын жолдоп, кыйынчылыкта жашаган элдин абалын көрсөткөн эмоциялуу, курч психол. образдарды түзгөн. 1886-88-жылы Парижге келип, импрессионисттик живопись менен япон гравюрасын үйрөнгөн, француз сүрөтчүлөрүнөн таалим алган. Бул жерде «Сена көпүрөсү» (1887, Амстердам, Ван Гог музейи), «Танги атанын портрети» (1887, Париж, Роден музейи) деген сүрөттөрдү тарткан. 1880жылдар Baн Гогдун зор чеберчиликке жетишкен учуру болгон. Бул мезгилде ал «Сент-Мари балыкчыларынын кайыктары» (1888, Амстердам, Ван Гог музейи), «Арлидеги кызыл жүзүмзар» (1888, Мамлекеттик көркөм сүрөт музейи) жана башка көптөгөн пейзаж, портрет, натюрмортторду жараткан. Анын чыгармачылыгына ачык боёктуулук, курч эмоциялуулук, драматизм, социалдык нааразылык, өзүнчө ыкмалар мүнөздүү. Baн Гогдун чыгармачылыгынан европа маданиятынын тарыхындагы татаал, бурулуш учур жана 19-кылымдагы реализм менен буржуазиялык гуманизмдин кризиси даана байкалат.
Винсент Ван Гог | |
Туулган жылы: | 30 -март 1853 |
---|---|
Туулган жери: | Грот-Зүндерт, Нидерланддар |
Каза болгон жылы: | 29 -июль 1890 (37 жаш) |
Каза болгон жери: | Овер-сүр-Уаз, Франция |
Ишмердүүлүгү: | |
Жарандыгы: |
Дин кызматкеринин үй-бүлөсүнөн. Жаш кезинде сүрөт сатуучу фирмада жана чиркөөдө кызмат кылган. 1881-1885-жылы Голандияда жашаган. 30 жашында сүрөт тарта баштаган. Адепки чыгармаларында карапайым адамдардын турмушун чагылдырган. XIX-кылымдагы сынчыл реализмдин салттарын жолдоп, Кыйынчылыкта жашаган элдин абалын көрсөткөн эмоциялуу,курч психологиялык образдарды түзгөн.
1886-1888-жылдары Парижге келип, импрессионисттик живопись менен япон гравюрасын үйрөнгөн, франсуз художниктеринен таалим алган. Бу жерден көптөгөн пейзаж, портрет, натюрмортторду жараткан.
1880-жылдар ̶ Ван Гогдун зор чеберчилике жетишкен учуру. Анын чыгармачылыгына ачык боёктуулук,курч эмоциялуулук, драматизм, социалдык нааразылык,өзүнчө ыкмалар мүнөздүү. Ван Гог чыгармачылыгынан европа маданиятытын тарыхындагы татаал,бурулуш учур жана XIX-кылымындагы реализм менен буржуазиялык гуманизмдинкризиси даана байкалат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Винсент Ван Гог, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.