Везувий — Аппенин жарым аралындагы аракеттеги жанар тоо.
Италиянын түшгүгүндөгү Неаполь шаарына жакын жерде. Европа материгиндеги аракеттеги жалгыз жанар тоо. Анын бири бирине кийгизилгендей болуп көрүнгөн үч конусунун сырткы жана эң байыркысы — Түндүк жана чыгыш бөлүктөрүндө гана сакталган дого сымал (диаметри 15 кмдей) Монте-Сомма жалы (бийиктиги 1132 м). Анын ичиндеги бийик (1279 м) жана жаш конусу — жанар тоонун өзү (түбүнүн диаметри 3 км, оозунуку —1 км). Кратердин түбүндө мезгил-мезгили менен үчүнчү конус пайда болуп, жанартоо катуу атылганда жок болуп турат. Негизги конустун тоотектери лава менен туфтун катмарларынан түзүлгөн. Биринчи жолу биздин замандын 79-жылы атылган. Анда Геркуланум, Стабий, Помпей ш. кыйроого учураган (андан кийин 50дөй жолу, акыркысы 1957—59-жылы атылган). Азыр фумаролдук абалда (түтөөдө). 600 м бийиктикте вулканология обсерваториясы (1942-жылдан) иштейт. 800 м бийиктикке чейин жемиш бактары, жүзүм өсөт, кызыл карагайлуу токой бар. Туризм өнүккөн.
Калып:Volcano-stub Калып:Mountain-stub Калып:Island-stub Калып:Geo-stub Калып:Sea-stub Калып:IT-geo-stub
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Везувий, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.