Вантаа (финче Vantaa, шведче Vanda) — Финляндиядагы шаар.
Өлкөнүн борбору — Хельсинкинин жандоочусу. Калкы 190,6 миң (2006). Калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар (Хельсинки, Тампереден кийин). Жол тоому (Вантаа аркылуу Россияны Скандинавия өлкөлөрү менен байланыштыруучу автомагистраль өтөт). Темир жол бекети. Эл аралык ири аэропорту бар. Алгач 1351-жылы эскерилет; 1974-жылдан шаар. Музейлери (авиация жана башка), Хеурека көргөзмө борбору, аквариум бар. Картинг борбору. Хельсинки Вантаа технополиси (логистика, телекоммуникация, электроника жана башка илимий тармактары боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт; бизнес-кызматташтык, программалык камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүлөт). Электроника, лак-сыр, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Вантаа, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.