АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги (БЧА, англ. Central Intelligence Agency, CIA) — АКШнын федералдык өкмөтүнүн көз карандысыз агенттиги, анын негизги милдети чет өлкөлүк уюмдардын жана жарандардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо болуп саналат.
Борбордук чалгындоо агенттиги (БЧА) | |
англ. Central Intelligence Agency | |
Штаб-квартира: | Лэнгли, Виргиния, АКШ |
---|---|
Жетекчилери | |
Директор | Уильям Бёрнс |
Директордун орун басары | Дэвид Коэн |
Негизделген | |
18-сентябрь 1947-жыл |
АКШнын тышкы чалгындоо жана чалгындоого каршы чалгын (контрчалгындоо) боюнча негизги органы. Борбордук чалгындоо агенттигинин ишмердүүлүгү расмий жактан таанылбаган жана жашуруун болушу да мүмкүн.
Борбордук чалгындоо агенттиги штаб-квартирасы (ошондой эле Жорж Герберт Уокер Буш атындагы чалгындоо борбору аталышында белгилүү) Вашингтондон 13 чакырым алыстыкта, Виргиния штатындагы Фэрфакс округунун Лэнгли шаарында жайгашкан.
БЧА түзүлгөндө, анын максаты тышкы саясат боюнча чалгындоо жана талдоо жүргүзүү болгон. Бүгүнкү күндө анын негизги максаты — чет элдик чалгындоо, маалыматтарды чогултуу, талдоо, баалоо жана жайылтуу, ошондой эле жашыруун операцияларды жүргүзүү.
2013-жылдын бюджетине ылайык, БЧА ишмердүүлүгүнүн беш багыты негизги багыттар болуп саналат:
Борбордук чалгындоо агентиги 1947-жылдын 26-июлун, АКШ Президенти Гарри Трумэн «Улуттук коопсуздук мыйзамына» кол койгондон кийин түзүлгөн. Агенттикти түзүүгө II дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин СССР менен болгон «тирешүү» себеп болгон.
Жетекчилик:
Чалгындоо дирекциясы. Алынган маалыматтарды кабыл алуу жана анализдөө менен алектенет. Жетекчиси — чалгындоо боюнча директор.
Оперативдүү дирекциясы. Улуттук жашыруун кызмат деп да аталат, агенттикте чалгындоо тарабынан маалымат чогултууга байланыштуу маселелерди чечет, жашыруун операцияларды уюштурат жана жүргүзөт. Курамына БЧА атайын оперативдик бөлүмү кирет. Жетекчиси — улуттук жашыруун кызматтын директору.
Илимий-техникалык дирекциясы. Маалыматтарды чогултууда техникалык каражаттар изилдейт жана иштеп чыгат.
Камсыздоо дирекциясы. Жетекчи — камсыздоо боюнча директор.
Чалгындоо изилдөө борбору. БЧА тарыхый материалдарын сактоо жана изилдөө менен алектенет. Жетекчиси — чалгындоону иликтөө борборунун директору.
Башкы кеңешчинин кеңсеси. Жетекчиси — башкы юридикалык кеңешчи. Аталган бөлүмдүн кызматкерлери агенттиктин кызматкерлеринин Конституцияны жана мыйзамдарды, колдонуудагы эрежелерди жана нускамаларды сактоосуна көз салып турушат.
Башкы инспектордун кеңсеси. Жетекчиси — башкы инспектор. Сенаттын макулдугу менен АКШ Президенти тарабынан дайындалат. Башка бөлүмдөрдөн жана кеңселерден көзкарандысыз, БЧА директоруна түздөн-түз баш ийет. БЧА штаб-квартирасында, жеринде жана чет өлкөлөрдөгү башкаруу бөлүмдөрүндө текшерүүлөрдү, иликтөөлөрдү жана аудиттерди жүргүзөт. Ар бир алты ай сайын АКШ Конгрессинин чалгындоо боюнча комитетинин бериле турган отчету, БЧА агентигинин директоруна даярдап берет.
Коомчулук менен байланыш боюнча кеңсеси. Жетекчиси — коомчулук менен байланыш боюнча директор.
Аскерий иштер боюнча кеңсе. АКШнын куралдуу күчтөрүнө чалгындоо жаатында колдоо көрсөтөт.
Директор | Сүрөт | Кызматынын башталышы | Кызматынын аякталышы | Кошумча маалыматтар |
---|---|---|---|---|
Борбордук чалгындоонун директорлору | ||||
контр-адмирал Сидни Соерс (англ. Sidney Souers) | 23-январь 1946 | 10-июнь 1946 | ||
генерал-лейтенант Хойт Ванденберг (англ. Hoyt Vandenberg) | 10-июнь 1946 | 1-май 1947 | ||
контр-адмирал Роскоу Хилленкоттер (англ. Roscoe Hillenkoetter) | 1-май 1947 | 7-октябрь 1950 | ||
генерал-лейтенант Уолтер Беделл Смит (англ. Walter Bedell Smith) | 7-октябрь 1950 | 9-февраль 1953 | ||
Аллен Даллес (англ. Allen Dulles) | 9-февраль 1953 | 29-ноябрь 1961 | 1953-жылдын 9-26-февралдарында милдетин аткаруучу | |
Жон Алекс Мак-Коун (англ. John Alex McCone) | 29-ноябрь 1961 | 28-апрель 1965 | ||
вице-адмирал Уильям Френсис Рейборн (англ. William Francis Raborn) | 29-апрель 1965 | 30-июнь 1966 | ||
Ричард Хелмс (англ. Richard Helms) | 30-июнь 1966 | 2-февраль 1973 | ||
Жеймс Родни Шлезингер (англ. James Rodney Schlesinger) | 2-февраль 1973 | 2-июль 1973 | ||
генерал-лейтенант Вернон Энтони Уолтерс (англ. Vernon Anthony Walters) | 2-июль 1973 | 4-сентябрь 1973 | милдетин аткаруучу | |
Уильям Иган Колби (англ. William Egan Colby) | 4-сентябрь 1973 | 30-январь 1976 | ||
Жордж Герберт Уокер Буш (англ. George Herbert Walker Bush) | 30-январь 1976 | 20-январь 1977 | ||
Энно Генри Кнохе (англ. Enno Henry Knoche) | 20-январь 1977 | 9-март 1977 | милдетин аткаруучу | |
адмирал Стэнсфилд Тёрнер (англ. Stansfield Turner) | 9-март 1977 | 20-январь 1981 | ||
Уильям Жозеф Кейси (англ. William Joseph Casey) | 20-январь 1981 | 29-январь 1987 | ||
Роберт Майкл Гейтс (англ. Robert Michael Gates) | 18-декабрь 1986 | 26-май 1987 | милдетин аткаруучу | |
Уильям Хежкок Уэбстер (англ. William Hedgcock Webster) | 26-май 1987 | 31-август 1991 | ||
Ричард Жеймс Керр (англ. Richard James Kerr) | 1-сентябрь 1991 | 6-ноябрь 1991 | милдетин аткаруучу | |
Роберт Майкл Гейтс (англ. Robert Michael Gates) | 6-ноябрь 1991 | 20-январь 1993 | ||
адмирал Уильям Стадмен (англ. William Studeman) | 21-январь 1993 | 5-февраль 1993 | милдетин аткаруучу | |
Роберт Жеймс Вулси (англ. R. James Woolsey) | 5-февраль 1993 | 10-январь 1995 | ||
адмирал Уильям Стадмен (англ. William Studeman) | 11-январь 1995 | 9-май 1995 | милдетин аткаруучу | |
Жон Марк Дейч (англ. John Mark Deutch) | 9-май 1995 | 15-декабрь 1996 | ||
Жордж Жон Тенет (англ. George John Tenet) | 16-декабрь 1996 | 11-июль 2004 | 1997-жылдын 11-июлуна чейин милдетин аткаруучу | |
Портер Жонстон Госс (англ. Porter J. Goss) | 24-сентябрь 2004 | 20-апрель 2005 | ||
Борбордук чалгындоо агенттигинин директорлору | ||||
Портер Жонстон Госс (англ. Porter J. Goss) | 21-апрель 2005 | 26-май 2006 | ||
генерал Майкл Хайден (англ. Michael Hayden) | 26-май 2006 | 12-февраль 2009 | ||
Леон Панетта (англ. Leon Panetta) | 12-февраль 2009 | 30-июнь 2011 | ||
генерал Дэвид Хоуэлл Петреус (англ. David Howell Petraeus) | 1-июль 2011 | 9-ноябрь 2012 | ||
Жон Оуэн Бреннан (англ. John Owen Brennan) | 8-март 2013 | 20-январь 2017 | ||
Мероэ Парк (англ. Meroë Park) | 20-январь 2017 | 23-январь 2017 | милдетин аткаруучу | |
Майк Помпео (англ. Michael Richard Pompeo) | 23-январь 2017 | 26-апрель 2018 | ||
Жина Хаспел (англ. Gina Cheri Haspel) | 26-апрель 2018 | 20-январь 2021 | 2018-жылдын 21-майына чейин милдетин аткаруучу | |
Дэвид Коэн (англ. David Samuel Cohen) | 20-январь 2021 | 19-март 2021 | милдетин аткаруучу | |
Уильям Жозеф Бёрнс (англ. William Joseph Burns) | 19-март 2021 |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Борбордук чалгындоо агенттиги, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.