Боз-Эмчек жана Кабасай жез жана полиметалл кени Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Каба кыштагынан түндүк тарапта, Чаткал кырка тоосунун түштүк-батыш капталында, Каба суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1700-2300 м бийиктикте.
Кен 9-12-к-дан белгилүү. 1951-66-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын Таш-Көмүр мезгилинде пайда болгон доломит менен акиташ теги жана эффузия тоотектери, каледондун гранит интрузиялары түзөт. Руда халькопирит, пирит, борнит, галенит, сфалерит ж. б. сульфиддерден түзүлүп, интрузия менен карбонат тектеринин кошулган жерлеринде пайда болгон скарндарда же акиташ тектериндеги жаракаларда жайгашкан. Алар негизинен гранат-волластонит жана гранат-пироксен скарндарына топтолгон. Рудалуу скарн катмарлары түндүк-чыгыштан түндүк-батышты көздөй 10 кмден ашык аралыкка созулат. Кендеги жездин орточо кондициялык өлчөмү 1,1%, коргошундуку 4% жана цинктики 4,3%, алтындыкы 1,93 г/т, күмүштүкү 13,2 г/т. Кен герцин металлогениялык доорунда пайда болгон. Руданын жалпы ресурсу 21792 миң т. Пайдалуу компоненттердин ресурсу: жездики – 243401 т, алтындыкы – 5623 кг, күмүштүкү – 38 т.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Боз-Эмчек жана Кабасай жез жана полиметалл кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.