Баяндоо — эпикалык чыгармаларда айтуучунун (автордун) речи, башкача айтканда каармандардын тике сөзүнөн башка чыгарманын толук тексти.
Айтуучунун жеке талантына, диндик-идеологиялык түшүнүгүнө, улуттук психологияга, салт-санаага ылайык ар бир манасчыда Б. өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Эпикалык чыгармаларда, анын ичинде Манас эпосунда Б. ыкмасы кеңири колдонулат. Жаратылыш кооздугун сүрөттөөдө, жүрүп жаткан окуяга баа берүүдө, каармандын айлана-чөйрөгө жасаган мамилелерин, иш-аракеттерин көрсөтүүдө, каармандарга портреттик мүнөздөмө берүүдө, психологиялык абалын сүрөттөөдө, эпизод менен эпизодду, окуя менен окуяны байланыштырууда Б. кеңири пайдаланылат. Эпосто сюжеттин өнүгүшү негизинен манасчынын Б-су аркылуу ишке ашырылат да, каармандардын иш-аракеттери эпикалык Б-дон башка диалог-речтер жана монолог ой-жүргүзүүлөр менен жабдылат. Эпикалык Б. каармандардын ички сезимдерин, карым-катышын, эпикалык сүрөттөмөлөрдү, пейзаждык көрүнүштөрдү, эпикалык мезгил, кыскача речтерди, ошондой эле окуялардын талкууланышын, мотивдердин, кырдаалдардын түшүндүрүлүшүн ичине камтыйт. Манас эпосунда Б. эки түрдүү формада — тигил же бул окуяга киришүү алдында кара сөз (жорго сөз) жана көп учурларда ыр түрүндө берилет.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Баяндоо, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.