Байдылда Сарногоев

Байдылда Сарногоев (1932–2004) - акын.

Талас районуна караштуу Буденовка айылында 1932-жылы туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.

1956-жылдан «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959–1973-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген.
Биринчи поэтикалык жыйнагы «Шумкар» 1952-жылы жарык көргөн. Акындын көп ырларына музыка жазылган. Б.Сарногоевдин чыгармалары орус тилинде да басылып, 1986-жылы «Ашуудан берген отчетум» аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.
1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпүрө» («Золотой мост») сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган.
1951-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон.
«Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы «I даражадагы Манас» ордени менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде

  • Шумкар: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 87 б.
  • Досторума: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 152 б.
  • Бала мерген: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 42 б.
  • Баяс: Ыр менен жазылган повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 123 б.
  • Жокен. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 16 б.
  • Ак калпак: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 188 б.
  • Тоолор жана тоолуктар: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1966 – 179 б.
  • Үзүлбөгөн үмүттөр: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1968. – 124 б.
  • Сүйлөшүү: Ырлар, поэмалар, термелер. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 167 б.
  • Менин батпас күнүм: Ырлар, поэмалар, котормолор. – Ф.: Мектеп, 1972. – 142 б.
  • Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 316 б.
  • Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 314 б.
  • Ашуудан берген отчетум: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 240 б.
  • Таалай өлбөйт: Поэмалар, ырлар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 124 б.
  • Ашуудан берген отчетум: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 239 б.; 1984. – 300 б.; 1989.

Орус тилинде

  • Баяс: Стихи и поэма. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 142 с.
  • Горячее озеро: Стихи. – М.: Мол. гвардия, 1958. – 149 с.
  • Гнездо сокола: Стихи, поэма. – М.: Советский писатель, 1987 – 107 с.
  • Эхо в зрачках: Стихи, поэмы – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 164 с.

Интернеттеги шилтемелер

Tags:

Байдылда Сарногоев Жарык көргөн китептериБайдылда Сарногоев Интернеттеги шилтемелерБайдылда СарногоевТалас району

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ЭволюцияКомуз күүсүКыргызстандын дары сууларыЭлдик педагогикаКыргызстандагы коло дооруИч көбүү (метеоризм)Кыргызстан көмүр кендериБийликБишкекКүкүрт кислотасыАйтматов, ТөрөкулБишкек чеби«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруБайыркы грек философиясыКыргызстан калкынын биринчи курултайыСПИДУлуу Ата-Мекендик согушТалас облусуИсламАксонометриялык проекцияларБасмачылыкБаяндоочЭлектрондук почтаМамлекеттердин тизмесиАлдаяр уулу, Мойт АкеЭлдик медицинаБашкарууЖашылдандырууТөрт бурчтукАнтропогендик факторлорЖакыпТүрк кагандыгыМөңгүЗатБөйрөк оорусуТыныш белгилериМуктар АуэзовБалдардын курак мезгилдериАстероидСырдык сөзБиоценозЭкономикаБектурсун АлымовФотоэффектАк Мөөр (поэма)Адеп тарбиясыТүп районуМетеоритСатурнСөз айкашыГидросфераОрусияСууКан группаларыКыргыз элдик оозеки чыгармаларКош сөздөрТабуСүйүнбай ЭралиевМодал сөздөрМассалык маалымат каражаттарыПатологияБиотехнологияНасирдин ИсановДаван мамлекетиЧүйВикипедияЮпитерРоза, гүлМаданий өсүмдүкҮч-Коргон ГЭСиБайыркы Египет маданиятыАлмамбетЗалкар комузчуларШүкүрбеков РайканТүркстан тоо кыркасыПолот ханТике сөзЖалал-АбадЧүчөк (энтеробиоз)🡆 More