Ашура - 1) алгач Мухаммед тарабынан иудейлерден кабыл алган 10-мухаррам (мусулман календарынын 1-айы) күнүндө орозо тутуу; кийин рамазан айында сөзсүз түрдө орозо тутуу киргизилгенден кийин Ашурада орозо тутуу ар кимдин өз эрки болуп калган.
2) Шиит имамы алХусейин ибн Алинин эскерип аза күтүү күнү. Бул күнү, башкача айтканда 680-жылы 10-октябрда (хижранын 61-жылынын 10-мухаррамасында) Кербелдин алдындагы салгылашууда имам ал-Хусейин, анын бир тууганы Аббас жана 70 жөкөрү кыйнап өлтүрүлгөн. Жыл сайын эскерүү иретинде Иран жана Иракта мечит, медреселерде, жыйындарда ал-Хусейин жана анын курман болгон жакындары тууралуу баяндар окулуп, көчөлөрдө жүрүштөр (катышуучуларынын айрымдары өздөрүн ургулап, денесине залакат келтиришет) өткөрүлөт. Сунниттер бул аза күтүү күнүн шииттерден айырмаланып, тынч өткөрүшкөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ашура, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.