Асунсьон - Парагвай Республикасынын борбор шаары.
Борбордук округ өзүнчө административдик бирдикти түзөт. Калкы 508,8 миң (агломерациясы м-н 1,5 млн, 2005). Парагвай дарыясындагы ири порт (ал аркылуу экспорттун 3/4, импорттун 9/10 өтөт). Суу жолу м-н Буэнос-Айрес ж-а Монтевидео шаары м-н байланышат. Жолдор тоому. Acyнcьондон трансулуттук автомобиль жолдору - Боливияга (түндүк-батышка карай), Аргентинага (түштүккө), Бразилияга (чыгышка) тарайт; Парагвайдагы темир жолдун баштапкы пункту.
Эл аралык аэропорту бар. 1537-ж. испан конкистадорлору тарабынан индейлер отурукташкан жерде негизделген. Архитектура эстеликтери: кафедра собору (1842-50), ратуша (1604), 17-кылымдагы турак жайлар ж. б. Опера театры (1860, учурда Конгресс сарайы), Улуттук клуб (1860-ж. ченде), Каса-Лопес (кийинчерээк өкмөт үйү), Эне Кудай Асунсьон сыйынуу жайы (1854; учурда Улуттук пантеон) курулган. Парагвай (1927), Гуарани тили ж-а маданияты (1975), Парагвай тарыхы, саясий ж-а социалдык илимдер академиялары, Асунсьон улуттук (1889), Католик (1960) университтери, Улуттук китепкана ж-а архив (1869), Улуттук асем өнөр (1887), карапа ж-а асем искусство (1938), этнографиялык музейлери (1929) ж. б. бар. Асунсьон - өлкөнүн башкы экономикалык (а. и. өнөр жай, финансы) борбору. Өнөр жайынын башкы тармактары: тамак-аш (эт, ун, тартуу, кант, суумай, тоң май, тамеки, парагвай мате чайын өндүрүү), жеңил (пахта тазалоо, кебез-кездеме, булгаары-бут кийим), нефть ажыратуу (Сан-Лоренсо), токой (а. и. ийлөө заттары), кеме куруу ж-а курулуш материалдар өндүрүшү. Тейлөө чөйрөсү өнүккөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Асунсьон, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.