Арап чөлү - Сахара чөлүнүн түндүк-чыгыш бөлүгү.
Нил дарыясынын өрөөнү менен Кызыл деңиздин аралыгында жайгашкан. Түштүгүндө (22° түндүк кеңдикте) Нубия чөлүнө өтөт. Арап чөлүнүн басымдуу бөлүгүн таш-шагылдуу, кумдак жана акиташ тектүү платолор (хамада) ээлейт; алар батыштан чыгышты карай тепкичтенип көтөрүлөт. Кызыл деңиздин жээгинен Этбай кырка тоосу (эң бийик жери 2187 м; Шаиб-эль-Банат чокусу) аркылуу бөлүнөт. Кышында кээде анын чыгыш капталдарына Кызыл деңизден түндүк-чыгыш шамалы менен келген жамгыр жаап, кургак нуктарда суу ташкынын пайда кылат. Жер астындагы суу агымы андагы суйдаң ксерофиттик кылкан-бадал, акация, тамариск, сикомора, курма пальмасы, дум (түштүгүндө) жана башка дарак өсүмдүктөрүн жыл бою суу менен камсыз кылат. Калкы негизинен көчмөн, алардын негизги кесиби мал (эчки, кой, төө) асыроо, оазистерде дыйканчылык. Кызыл деңиздин жээгинде мунай, фосфорит кендери бар.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Арап чөлү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.