Кызыл деңиз Инди океанындагы жер ортолук деңиз, Африка материги менен Араб жарым аралынын (Түштүк-Батыш Азия) аралыгында жайгашкан.
Египет, Судан, Эритрея, Израиль, Иордания, Сауд Арабиясы жана Йемен мамлекеттеринин жээктерин чулгап жатат. Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу Инди океаны, Суэц каналы аркылуу Жер ортолук деңиз менен туташат. Аянты 460 миң км2. Эң терең жери 3039 м. Жээктеринде булуң-буйткалар аз. Суэц жана Акаба булуңдарынын (түндүгүндө) аралыгында Синай жарым аралы деңизге кирип турат. Ири аралы — Дахлак. Суткасына 2 жолу ташкындайт, бийиктиги деңиздин ачык бөлүгүндө 0,6 мге жетет. Кызыл деңиз дүйнөдөгү эң жылуу (32°Сге чейин) жана туздуу (38-42%) көлдөрдүн бири. Европаны Азия жана Австралия менен байланыштыруучу кыска деңиз жолу. Балык кармалат, бермет алынат. Негизги порттору: Суэц (Египет), Порт-Судан (Судан), Массауа (Эфиопия), Жида (Сауд Арабиясы), Ходейда (Йемен). Деңиздин аты андагы көптөгөн балырлардын (Frishodesmium erythraeum) сууга кызыл түс берип турушунан пайда болгон деп божомолдонот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кызыл деңиз, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.