Арагон Луи (3.
10. 1897, Париж - 10. 6. 1982, ошол эле жерде) - француз жазуучусу, коомдук ишмер, эл аралык Лениндик сыйлыгынын лауреаты (1957). Лицейде, андан соң Париж медицина институтунда (1915) окуган. 1-дүйнөлүк согушка (1917) катышкан. Алгачкы ырларында өзү жашаган доорду сындап жазган. Сюрреалист акын катары чыккан. «Фейерверк» (1920), «Ура, Урал», «Жүрөктөгү канжар» (1934), «Эльзанын жанары» (1942), «Паноптикум» (1943) ыр жыйнактары, көптөгөн поэмалары («Кызыл майдан», «Бүтпөгөн роман», «Эльзага», «Акындар»), «Накта өлүм» (1949), «Калк кайраты ташыган жума» (1958) романдар топтомдору жана «Анри Матис», «Театр-роман» (1974) жана башка романдары, публицистикалык чыгармалар жыйнагы жарык көргөн. Жазуучунун эстетикалык позициясы «Чыныгы дүйнө» романында ачык байкалат. Ал Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестине «Сүйүү жөнүндө эң сонун баян» деген пикирин айткан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Арагон Луи, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.