Кенжеайым
Алп Сол Тепек 𐰀𐰞𐰯 𐰽𐰆𐰞 𐱅𐰇𐰯𐰅𐰚 | ||
| ||
---|---|---|
820 — 847 | ||
Дини: | Теңирчилик | |
Каза болгон жылы: | 9 кылым | |
Каза болгон жери: | Тыва | |
Уруусу: | Ажо | |
Кесиби: | Тархан |
Алп Сол Тепек — IX кылымдын биринчи жарымында жашаган Энисей Кыргыз Кагандыгынын тарханы.
Алп Сол - 9-кылымдын кыргыз кол башчысы жана элчиси.
840-жылы кыргыз каганынын уйгур мамлекетине жасаган чоң казатында анын колунун сол канатын жетектеген жана Энесайдагы Улуу Кыргыз империясын негиздөөгө чоң салым кошкон.
843-жылы март айында кытайдын Тан династиясынын императоруна элчи катары барган. Кытай жыл баяндарында: “841-жылы такка олтурган император Вуцзун алыскы кыргыз каганынан келген элчиге абдан ыраазы болуп, Бо-Хайдан келген элчиден жогору, төргө олтургузду”- деп баяндалат. Кыргыз каганынын аскер башчысы, ишенимдүү элчи Кытайдан жеңилген уйгурлардын тагдыры жөнүндөгү саясий иштерден сырткары, соода-экономикалык карым-катнашты кайра жандандыруу үчүн барган. Буга жооп катары кытай императору өзүнун элчилерин бир нече ирет кыргыздарга жөнөткөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Алп Сол, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.