Аксай сурьма кенчеси – Ош облусунун Ноокат районунда, Бешбуркан кыштагынан 3 км түштүк–чыгышта, Чымкай тоосунда, деңиз деңгээлинен 1700–2000 м бийиктикте.
1953–87-жылдары мезгил - мезгили менен геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силурдун көмүр-чополуу сланецтеринен, кумдуктарынан, алевролиттеранинен жана карбондун карбонат-терриген катмарларынан түзүлгөн. Рудалуу жаспероид брекчиясы карбондун карбонат-терриген катмарларынын арасында жатат. Флюорит–антимониттүү рудалануу өтө чачыранды жана тарам түрүндө кездешет. Сурьманын орточо өлчөмү 2,73%, алтындыкы 1,44 г/т. С1 категориясы боюнча сурьманын запасы 1629 т, алтындыкы 1,49 т.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Аксай сурьма кенчеси, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.