Айн Рэнд (орус.
Ал "Башат" (англ. The Fountainhead), "Атлас ийиндерин куушурду" (англ. Atlas Shrugged) бестселлер романдары жана философиядагы объективизмди түптөгөнү менен белгилүү. Орусияда билим алган Рэнд Америка Кошмо Штаттарына 1926-жылы көчүп барган. Бродвейде 1935-1936-жылдары өндүрүлгөн спектакли болгон. Алгачкы эки романы Америкада ийгиликсиз болгон соң ал 1943-жылдагы "Башат" романы менен атагы чыккан.
1957-жылы Рэнд "Атлас ийиндерин куушурду" аттуу көрүнүктүү романын жарыкка чыгарган. Андан кийин ал өзүнүн философиялык көз карашын илгерилетиш үчүн өзүнүн журналын басып чыгарган жана 1982-жылы көз жумганга чейин бир нече дилбаяндардын жыйнагын чыгарып, нон-фикшн багытка оогон. Рэнд билим алуунун бир гана жолу акыл-эс деген көз карашты карманып, ишеним менен динди четке каккан. Ал акыл-эске таянган жана этикалык эгоизмди колдоп, ал эми алтуризмди четке каккан. Саясатта ал күч колдонууну адеп-ахлаксыз деп айыптап, коллективизм, этатизм жана ошондой эле анархизмге каршы чыккан. Анын ордуна кийлигишпөө принцибине негизделген капитализмди колдогон. Ага ал жеке укуктарды таанууга негизделген система деп аныктама берген. Көркөм өнөрдө Рэнд романтикалык реализмди алга сүрөгөн. Ал Аристотелден, Томас Аквинастан жана классикалык либералдардан тышкары өзүнө белгилүү болгон көптөгөн философторду жана философиялык көз караштарды кескин сындаган.
Адабий сынчылар Рэнддин көркөм чыгармасын бир беткей кабыл алган эмес, ал эми жакынкы он жылда ага болгон академиялык кызыгуу өсө баштаган болсо да илимий чөйрөдөгүлөр жалпысынан анын философиясына маани берген эмес, же болбосо кабыл алган эмес. Объективист кыймыл анын көз караштарын коомчулук менен илимий чөйрөлөргө жайылтууга аракет кылат. Ал либертариандар менен америкалык эскичилдердин арасында олуттуу таасирге ээ.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Айн Рэнд, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.