Аймактык деңиз же аймактык суулар — жээкти бойлой, ошондой эле ички суулардын чектеринен сырткары (архипелаг мамлекетте — архипелаг сууларынан тышкары) жайгашкан деңиз алкагы.
Белгилүү кеңдиктеги бул деңиз алкагына жээктеги мамлекеттин эгемендиги жайылтылат. Аймактык деңиздин сырткы чеги жээктеги мамлекеттин деңиз чегарасы болуп саналат. Азыркы убакта деңиз мамлекеттеринин (130) көпчүлүгү аймактык деңиздин 12 деңиз чакырымына чейинки кеңдиктерине ээ. Ошентсе да, 20га жакын мамлекет эл аралык укукта белгиленген чектен ашуун кеңдиктерге ээ.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Аймактык деңиз, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.