Азот кислотасы HNO3 – бир негиздүү күчтүү к-та.
Түссүз суюктук, тыгызд. 1,5 г/см3, кайноо t 86оC, суу менен жакшы аралашат азеотроптук аралашманы пайда кылат. Суусуз таза А. к. абада түтөйт. Практикада 98-100 % А. к-на караганда 63-65 %, тыгызд. 1,44 г/см3 болгон А. к. көбүрөөк колдонулат. А. к-нын туздары жалпысынан нитраттар деп аталат. Күчтүү окистендиргич болгондуктан, туз к-тасы менен күкүрт к-тасынан айрымаланып, металлдар менен болгон реакциясында суутек бөлүнүп чыкпайт. Конц. А. к.-да алтын, платина өңдүү металлдан башка металдар баары окистенет. Бир көлөм (63 %) конц. А. к. менен үч көлөм туз к-тасынын аралашмасы “падыша арагы” деп аталат да, мында алтын жана платина металлдары ээрийт.
Аu+HNO3+4HCI = H[AuCI4]+NO+2H2O 3Pt+4HNO3+18HCI=3H2[PtCI6]+4NO+8H2O Өнөр жайларда А. к. аммиакты катализатор катышуусунда окистендирүү менен алынат: 4NH3+5O2-4NO+6H2O 2NO2+O2+2H2O-4HNO3
Лаб-ялык шартта конц. күкүрт к-тасын нитраттарга таасир этүү менен алынат. NaNO3+H2SO4=NaHSO4+HNO3
Өнөр жайларда А. к. боекторду, жарылуучу заттар, азот жер семирткичтерин жана А. к. туздарын алууда, металлдарды (жез, коргошун, күмүш) эритүүдө, алтын менен күмүштү кенден ажыратууда колдонулат. А. к-нын буусу адамды ууландырып, эритмеси терини күйгүзөт. Өнөр жай имаратындагы өлчөмү 50 мг/м3дан ашпоого тийиш.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Азот кислотасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.