Ават, Уруу

Ават — ичкиликтер уруулук тобундагы ири уруулардын бири.

Айрым санжыралык маалыматтарда "авагат" формасында да айтылып жүрөт. Этнонимдин параллелдери "аба" формаларында алтайлыктардын (телеуттар) жана шорлордун курамдарында бар экендиги маалым. Ават - аба+т; -т мүчөсү бурят-монгол тилдеринде көптүк маанини туюнтат. Байыркы сөз жасоочу мүчөнүн колдонулган, таралган ареалы абдан кенен. Мисалы, тунгус тилдеринде бул мүчөнүн фонетикалык -тан /-тен , манжур тилинде -га/-те, байыркы корей тилинде -тен формаларынын болгондугу белгилүү. Д.Е. Еремеев бир катар далилдүү маалыматтарга таянып, -т мүчөсү уланган түрк этнонимдери монгол тилдеринин таасири астында XIII кылымдан кийин гана калыптанган деген пикирин айтат. Бул уруунун тегин байыркы “аба” уруусу менен параллели катары караса болчудай. “ Аба” - теле урууларынын бири катары Суй династиясынын жыл баяндарында батыш түрктөрдүн мамлекетинин курамындагы уруу болгондугу эскерилет. Аба же абиндер XVI-XVIII кк. бүгүнкү алтай-телеуттарга кошуна жашашып, негизинен мал чарбачылыгы менен кесиптенишерин И. Гмелин жана И.Георги изилдөөлөрүндө белгплешкен. Л.П. Потапов да бул уруунун чыгыш тегин байыркы “аба” уруусу менен жакын байланыштырат. Курамына “аба” уругу кирген алтай-телеуттар этногенетикалык жактан кыргыздар менен жалпылыгы илим чөйрөсүпдө далилденип келет.

Колдонулган адабияттар

Tags:

Ичкилик (уруулук топ)Санжыра

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Тике сөзСооронбай ЖусуевӨспүрүм балдарТамак сиңирүү системасыУран (планета)Токтогул СатылгановДинДан өсүмдүктөрүМеталл эместерУсубалиев Турдакун УсубалиевичБөйрөк оорусуВикипедияШах Фазил күмбөзүЖарым өткөргүчМанастын туулганыБанкИнтернетДүйшөнкул ШопоковАт атоочСөөк системасыРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)Тынч океанМанасчыТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүКосмосНеологизмдерКол өнөрчүлүкАлп СолКыргызстандын Россияга каратылышыБуйрук сүйлөмЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүСеметей эпосуИнтернет тарыхыЖусуп БаласагынЭне-Сай кыргыз кагандыгыФизикалык-географиялык райондоштурууТаң алдында (роман)Жыл мезгилдериВитаминдерРефератАйыл чарбаны коллективдештирүүКойТүштүк ЕвропаЖамийла (повесть)ТажикстанОрфографияАмерика Кошмо ШтаттарыКыргыз Республикасынын БаатырыШабдан баатырМаданий өсүмдүкКыргыз тилинин грамматикасыКыргызстанИсламКислотаЫктымалдуулук теориясыЭволюцияБышыктоочторКан тамырларЫсык-Көл облусунун табиятыМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Кеңештер БирлигиТемпераментКайра жаралууАт — адамдын канатыСийдикГалогендерКыргыздардын улуттук кийимиМамлекеттик башкарууАскар АкаевЖарандык согушОрмон ханТаш-РабатАлыкул ОсмоновКемтик сүйлөмЖер кыртышыАскердик антАң-сезим🡆 More