Психология

Психология - (гр.

«психе»-«жан», «логос»-«илим») – адамдардын, айбанаттардын обьективдүү дүйнөнү активдүү чагылдыруу процессин үйрөнүүчү илим.

Психология

Психологиянын башкы изилдөө предмети – психика, аң-сезим. Психология инсандын ички дүйнөсүндө өтүүчү психикалык процесстердин тегин, түзүлүшүн, өсүп - өнүгүшүн, абалын иликтейт.

Психологияда көңүл буруу, туюм, кабылдоо, эс, ойлом, кыялдануу сыяктуу таанып-билүү процесстери изилденет. Психологиянын башкы милдети ушул процесстердин закондорун, маңызын жана табиятын ачуу. Бул закондорду билүү психиканы максатка багыттап өзгөртүүгө, тарбиялоого, анын калыптанышына таасир тийгизүүчү факторлорду башкарууга өбөлгө түзөт.

Психология илими инсанга айрыкча көңүл буруп, аны изилдөөнү дифференциялдык (индивид өзгөчөлүктөрүн изилдөө), онтогенездик (жеке адамдын балалык, тестиер жана өспүрүм курагында калыптанышын изилдөө), адам психологиясы (жеке адамды бүтүндөй, толук бойдон мүнөздөө) боюнча - үч багытта жүргүзөт.

Психология – эксперименталдык илим. Ал өзүнүн изилдөөлөрүндө эксперименттен тышкары байкоо, иш-аракеттин туундуларын талдоо, салыштырма генезис методу, психологиялык тесттер (сыноолор), анкета, маек жана башка методикалык ыкмаларды кеңири колдонот. Азыркы психология өз алдынча илим катарында өнүгүп отуруп, бир нече тарамдарга ажырап кетти. Андан зоологиялык психология, медициналык психология , балдар психологиясы, педагогикалык психология, курак психологиясы, эмгек психологиясы, спорт психологиясы, социалдык психология, этнопсихология, аскер психологиясы, инженердик психология, космос психология жана башкалар өсүп чыкты.

Психологияга иш-аракет түшүнүгүнүн кириши менен адам психикасынын өнүгүшүндөгү биологиялык жана социалдык фактордун өз ара катышы жөнүндөгү маселе калетсиз чечилди.

Психология илиминин өнүгүшүнө батыш өлкөлөрүнүн жана орус илимпоздорунун салымы чоң. XIX–XX кылымдарда Россияда психология илими болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө жетишсе (Л. С. Выготский, С. Л. Рубинштейн, А. Н. Леонтьев, Б. Г. Ананьев жана башкалар), ал эми австриялык врач З. Фрейд психоанализ теориясын негиздеген, Америкада бихевиоризм, Батыш Европада Гештальт-Психология агымдары пайда болгон.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,

Шилтемелер

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Б.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыБайламтаАргындаштырууТиричиликтин пайда болушуСаякМарсКөз ооруларыТарбияЭки миң сомСадыр ЖапаровАянты боюнча көз карандысыз мамлекеттердин тизмесиXIX кылымБөлүкчөСөздүн маанисиКушчу (уруу)КамсыздандырууАтомБоз үйдүн негизги жабдууларыОрфоэпияОрусиядагы 1905–1907-жылдардагы революцияИсмаилбек ТаранчиевЖыт сезүүСинологияСингапурИсаков, Бектур СыдыковичТекстОзгоргучтукЖай мезгилиТүшүндүрмө мүчөКуртка чебиСын атоочБайыркы РимЖусуп АбдрахмановТоктоболот АбдумомуновМанасГамзатов РасулТүштүк КореяМүнөз (психология)Ак кууларЖамийла (повесть)Кыргызстандын Орусияга каратылышыФольклордун түрлөрү жана жанрларыЭл аралык мамилелерҮй-бүлө социологиясыИчки Теңир-ТооКөкө уулу ЖеңижокМеркурийСеметейдин балалык чагы. Каныкейдин Тайторуну чабышы.Кыргыз сомуКара-Суу районуLinuxКатарДмитрий ШостаковичАнтропологияЧакчылМундуз (уруу)«Манасчылар»МаркетингДүйнө өлкөлөрүБашкаруу байланышыКалктын жыштыгыЖөндөмө категориясыКараханийлер мамлекетиЖер көчкүАпамдын махабатыТөрөтСөз айкашыМухаммед кыргызБака жалбыракБиогеоценозРибосомаларКалыгул Бай уулуБагыныңкы сүйлөмКөмүр кендериГепатитАнтивирустук программаЭмгек🡆 More