Лепра

Лепра (проказа)(Хансен оорусу, хансеноз, хансениаз; эски аты — прока́за, elephantiasis graecorum, lepra arabum, lepra orientalis, финикийлик оору, satyriasis, аза тарткан оору, жалкоо өлүм, Ыйык Лазар оорусужана башка) — ала оорусу; адамдын өнөкөт жугуштуу оорусу.

Ооруну кургак учук козгогучуна окшош кислотага туруктуу микобактериялар козгоп, организмге дем алуу органдарынын былжыр чели аркылуу кирет. Анын жугушуна витамин жетишсиздиги, тазалыктын жоктугу, жетишсиз тамактануу, калктын топтолушу жана башкалар шарт түзөт. Лепра Азия, Африка өлкөлөрүндө, Түндүк жана Борбордук Америкада жолугат. Козгогуч денеге киргенден кийин оору 4—6 жылга чейин билинбейт (жашыруун мезгил).

Лепра
Лепра
Лепра
Лепра менен ооруган 24 жаштагы бала
eMedicine med/1281  med/1281 
MeSH C01.252.410.040.552.386 C01.252.410.040.552.386
Лепра
Лепранын дүйнөгө тарашы (2003).

Оорунун жүрүшү

Адатта оору билинбей башталат: оорулуу адамдын жалпы абалы начарлап, эти ысыйт. Териде көптөгөн агыш же кызыл тактар пайда болот, оорууну, ысык суукту сезбей калат. Бара-бара тери катууланып, жарага айланат. Оорулуу убагында дарыланбаса чачы, кашы, кирпиги жыдып түшөт, мурдунан кан кетет, мурун тосмосу жоголуп, деформацияланат, бет түзүлүшү бузулат. Көрүү начарлап, кээде сокур болот, үнү кырылдап чыкпай калат. Муунуп, деми кыстыгат. Ички органдар да жабыркайт, шал болуп, буту-колу сыздап ооруйт. Сөөгү бузулуп, колу бутунун манжалары үбөлөнөт. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен врачка кайрылуу керек. Сыркоологон адам атайын дарылоо мекемесине (лепрозорийге) жаткырылат.

Дарылоо

Дарылоо көпкө (бир нече айдан, бир нече жылга чейин) созулат жана көп адистердин катышуусун талап кылат. Микробдорго каршы жүргүзүлө турган процедурадан бөлөк дагы ортопеддин, офтальмологдун, невропатологдун, физиотерапевттин консультациясы керек болуп калышы мүмкүн. Лепрага каршы терапия дапсон, рифампицин, клофазимин акыркы күндөрү миноциклин, офлоксацин жана кларитромицин каражаттарынын жардамы менен кылынат.Лепрозорийден чыккандан кийин оорулуу адам тегерегиндегилер үчүн коркунучсуз.

Алдын алуу

Алдын алууда үй-бүлөсү жана оорулууга жолуккандар диспансердик каттоого алынып, мезгили менен текшерүүдөн өтүп турушат.

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

Лепра Оорунун жүрүшүЛепра ДарылооЛепра Алдын алууЛепра Колдонулган адабиятЛепраАзияАмерика Кошмо ШтаттарыАфрикаВитаминдерЖугуштуу ооруларКургак учук

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ЖемиштерВирусИнсанТүндүк Тянь-Шань рельефинин калыптанышы жана тектоникасыКаныбекМутациялык селекцияЖеңиш КүнүБириккен Улуттар УюмуКыргыздын элдик музыкалык аспаптарыБаяндоочМукай ЭлебаевҮч бурчтукЖукеев ТабылдыТабигый кырсыктарЖазгыч акындарАвтомобильМанап бийКалька лексикологиядаПризмаОлимпиялык оюндарДинАстрономияАраб халифатыАбдырахман Кучак уулуЖакшылыков АсанЖер көчкүБөлүп чыгаруу системасыМен жана милицияКомплекстүү бирикмелерБагыныңкы сүйлөмОрганикалык химияАтаке баатырАчык муунАйлана (математика)БийликВитамин жетишсиздигиСтамов АсанбекКубанычбек МаликовСуу, суутек оксидиКыргыз тилинин тарыхыСпортИсхак РаззаковСан атоочЖаз мезгилиКыргыз Ала-ТооИнтернет тарыхыКан тобуЭтиштин чактарыПлантаторСот бийлигиБорбордук нерв системасыЖеңиш чокусуВикипедияЭволюцияИбраев, ЭсенгулКараханийлер мамлекетиЖаратылышты коргооТарыхКаакымМодал сөздөрТүркмөнстанСаякбай КаралаевКанМанасАнтропогендик факторлорСкелетЭмгек ырларыДем алуу системасыМаалымат технологиясыЖарандык коргонууИталияЭнесай кыргыздарыЖыл сүрүү жадыбалыКыргызстандын гимниАйлана-чөйрөнү коргооЗаманачы акындарЖакиев БексултанПроекция🡆 More