Ян Кум

Ян Кум (англ. Jan Koum) — америкалык ишкер, программист жана WhatsAppтын негиздөөчүсү.

Ян Кум
Jan Koum
Ян Кум
Төрөлгөндөгү аты:

Ян Кум Борисович

Туулган датасы:

24 -февраль 1976(1976-02-24) (48 жаш)

Туулган жери:

Киев, Украина ССРи, СССР

Жарандыгы:

Ян Кум АКШ

Абалы:

7,5 млрд. доллары

Компаниясы:

Yahoo (2000—2007)
WhatsApp Inc. (2009—а.у)

Кызмат орду:

CEO

Өмүр баяны

Бала чагы

1976-жылы Украин ССРнин Киев облусунда 1976-жылдын 24-февралында жөөттөрдүн үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген жана балалыгы Фастовдо өткөн.

1992-жылы 16 жашында апасы Фаина Семёновна Кум (19412000) жана чоң энеси Рахилья Мунблат (19212002) менен АКШнын Калифорния штатынын Маунтин-Вью шаарына көчүп барышкан. Социалдык колдоо программасы бул үй-бүлөгө эки бөлмөлүү чакан батир алууга жардам берген. Апасы Фаина Семёновна Кум АКШга көчүп баргандан кийин бала багуучу, азык-түлүк дүкөнүндө тазалоочу болуп иштеген. Фаина Семёновна Кум 2000-жылы узак созулган рак оорусунан каза болгон.

Атасы Борис Яковлевич Кум (19271997) кийинчерээк үй-бүлөгө кошулууну көздөгөн, бирок ал эч качан Украинадан чыга алган эмес жана 1997-жылы каза болгон. Атасы каза болгонго чейин бул үй-бүлө тыгыз мамиледе болушкан жана дайыма телефон аркылуу кабарлашып турушушкан.

Эмгек жолу

Ян Кум 18 жашында компьютердик программалоого кызыгуусу күчөп, Сан-Хоседеги Калифорния штатынын университетине тапшырган. Студент учурунда Ernst & Young бухгалтерия жана аудит компаниясында коопсуздукту тестирлөөчү болуп жумушка орношкон. Көп өтпөй W00w00 деп аталган эң мыкты хакерлер тобунун катарына кирет жана ал жерден Napster файл алмашуу тармагынын негиздөөчүлөрү Шон Фэннинг жана Жордан Риттер менен таанышкан.

1997-жылы Yahooнун жарнамалык платформасы кантип жазылганына анализ жүргүзүү керектиги жөнүндө сунуш киргизет жана бул сунуштан жарым жылдан өткөн соң, аталган компанияда иштеген Брайан Эктон Кумду штатка жумушка алат. Yahooда иштеген мезгилинде Ян Кум жана Брайан Эктон жакшы достотук мамиле түзө алышкан.

Yahooга ишке орношкон учурда Ян Кум 19 жашта болгон жана Сан-Хоседеги Калифорния штатынын университетинин студенти болгон. Окуу менен ишти бир учурда алып кетүү кыйынчылык туудурганына байланыштуу Ян Кум ишти таандап, окуусун таштоого аргасыз болгон.

2007-жылы Ян Кум жана Брайан Эктон Yahoo компаниясынан жумуштан кетишкен соң, бир жыл боюу Түштүк Американы кыдырып саякаттап эс алышкан.

Ян Кум жана Брайан Эктон Facebook компаниясына жумушка орношушкан бирок штатка кабыл алынышкан эмес.

2009-жылы январда Ян Кум iPhone сатып алып App Store жаңы тиркемени жаратуунун келечеги жакшы экенин түшүнгөн. Ал досу Алекс Фишманга барып, бул ойлору менен бөлүшкөн. Сүйлөшү учурунда WhatsApp деген аталышты тандап алган. 33 жаш туулган кунундо Калифорнияда WhatsApp Inc деген аталыштагы компанияны негиздеген.

Узак талкуулардан жаралган WhatsApp 2009-жылы жарыкка чыккан, жыйынтыгында бул тиркемени жүзгө жакын достору гана көчүрүп алган. Бир аз убакыт өткөн соң Ян Кумдун мурунку СССРлик достору Whatsappты SMS ордуна колдоно башташкан, колдонуучулардын саны да бат эле өсүп баштаган. Ян Кум жумушсуз калган досу Брайан Эктонду компанияга кошулууга көндүргөн. Брайан Эктон WhatsApp Inc компаниясына 250 000 долларын инвестиция катары кошкондон кийин - бул компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири деген статуска ээ болгон.

2014-жылдын 9-февралында Марк Цукерберг Ян Кумду кечки тамакка чакырып, WhatsApp Inc компаниясын Facebookка сатууга келишим түзүүнү расмий түрдө сунуштаган. Он күндөн кийин Facebook компаниясы WhatsApp Inc компаниясын 19 миллиард долларга сатып алганын жарыялаган.

Facebook менен болгон түшүнбөстүктөрдөн улам 2018-жылдын апрелинде Facebook компаниясынын директорлор кеңешинен кетээрин жарыялаган жана аналитиктер дээрлик 1 миллиард долларлык инвестицияланбаган акцияларын жоготуп жатат деп ойлошкон. Кийин анын дагы деле расмий түрдө Facebook компаниясында иштегени жана 450 миллион долларлык киреше тапканы аныкталган.

Кайрымдуулук иштери

  • The FreeBSD Foundation 2014-жылы 1 миллион доллар, 2016-жылы 500 000 доллар, 2018-жылы 750 000 доллар, 2019-жылы 500 000 доллар өлчөмүндө жардам берген.
  • 2014-жылы Silicon Valley Community Foundation 556 миллион доллар өлчөмүндө жардам берген.
  • 2022-жылы Орусия-Укриана согушунда Украинаны колдоо максатына Европанын жөөтөр ассоциациясына 17 миллион доллар, КМШнын жөөтөр жамааттарынын федерациясына 10,6 миллион доллар өлчөмүндө жардам берген.
  • 2022-жылы Maccabee Task Force 600 000 доллар, Friends of Ir David 6 миллион доллар, Central Fund of Israel 175 000, Израилдин демократиялык партиясына 2 миллион доллар өлчөмүндө колдоо көрсөткөн.
  • Фордем университетине 1 миллион доллар өлчөмүндө жардам берген.
  • Стэнфорд университетине 41 миллион доллар өлчөмүндө жардам берген.

Жеке жашоосу

Ян Кум улуту боюнча жөөт. Ал өзүн ишкер же бизнесмен деп атоону жактырбайт.

Мурунку сүйлөшкөн кызы, Ян Кум ага сөз менен басынтып жана ур-токмокко алганын айтып берген, 1996-жылдын февралында Сан-Хоседеги сотто мурунку сүйлөшкөн кызына жакындоого тыюу салуу чечими чыккан.

2014-жылдын октябрь айында Ян Кум бул жоруктары үчүн уяларын билдирген.

Булактар

Тышкы шилтемелер

Tags:

Ян Кум Өмүр баяныЯн Кум Кайрымдуулук иштериЯн Кум Жеке жашоосуЯн Кум БулактарЯн Кум Тышкы шилтемелерЯн КумWhatsAppАмерика Кошмо ШтаттарыАнглис тилиИшкерПрограммист

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргыз композиторлоруУлуу Ата-Мекендик согушБиосфераБиоценозКыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүЖер тобундагы планеталарОмофондорИлимКыргыз тилинин тарыхыКозу карындарЧүчөк (энтеробиоз)Байдылда СарногоевКан агууАт атоочТогуз коргоолКомпьютердик тармакЖарым өткөргүчБаткен районуЭлектр тогуОрганикалык химияЖүрөк-кан тамыр тутумуКаныбекСолтоноев Белек Солтонкелди уулуАлп СолТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүКасым ТыныстановАлай өрөөнүРефлекстерӨпкөКыргыз Ала-ТооЧолпонРадиоактивдүүлүкЖоон үндүүлөрСөзАлай районуМорфологияСууга чөгүүЭлектр өткөргүчтүкБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмЖугуштуу ооруларИнтеграцияЖер титирөөТопурак эрозиясыСинонимТоктогул ырчыБаяндоочМакаров тапанчасыТиричиликтин пайда болушуКызматчы сөздөрФонетикаАйлардын кыргызча аталышыУйгур кагандыгыПопуляцияУсубалиев Турдакун УсубалиевичМуун (лингвистика)Клетка теориясыТүрк кагандыгыТоп жылдызМаалымат технологиясыКыргыз Республикасынын Кызыл китебиЖайСырдык сөзСтилистикаИшеналы АрабаевТурусбеков ЖусупРычагОш облусуКутурмаЭлектрондук почтаАаламСөз түркүмүЖылдызШабдан баатырЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүМанас эпосунун өзөктүк окуяларыГипертония оорусуПланетаКедейкан (эпос)🡆 More