Чүчкүрүү — мурун көңдөйүнөн дүүлүктүргүч агенттерди (химиялык заттардын буусу, чаң, бөтөн нерселер, чогулган былжыр жана башкалар) чыгаруу менен организмдердин коргонуу реакциясы.
Ал заттардын коко, трахея, өпкөгө өтүп кетүүсүнөн сактайт. Дүүлүктүргүч мурун былжыр челиндеги үч ача нервдин сезгич учтарына таасир эткенде ага жооп кайтарып терең дем алат да, жумшак таңдай көтөрүлүп, мурундун ички тешигин жаап, көкүрөк көңдөйүндө жогорку басым пайда болот. Андан кийин мурундун ички тешиги капысынан ачылып, мурундан тезинен дем чыгат да, абанын агымы менен былжыр челди дүүлүктүргөн зат кошо чыгат. Ошондой эле ал дем алуу жолдорунун жугуштуу ооруларынын (мисалы, Сасык тумоо жана башкалар) белгиси болуп, оорунун козгогучунун таралып кетишине түрткү болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Чүчкүрүү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.