Хоккей (англ.
hockey) — командалык спорт оюну.
Хоккейдин үч түрү (музда шайба, топ менен, чөптө ойноо) бар. Биздин өлкөдө негизинен хоккей шайба жана топ менен ойнолот. Хоккейде оюнчу конькиде тез жана жеңил кыймылдагандыктан башка спорт оюндарына караганда оюндун ылдамдыгы жогору болот. Андыктан организмге көбүрөөк күч келет. Ошондуктан оюнчулар тез-тез (1 — 2 мин.) алмашылып турат жана аны менен көбүнчө жаш эркектер ойнойт. Xоккей жүрөк-кан тамыр, дем алуу жана нерв системасын, таяныч-кыймыл аппаратын чыңдайт, күчтүүлүккө, кайраттуулукка тарбиялайт. Өлкөдө хоккей массалык оюнга айланды. Балдардын спорт мектептеринде хоккей менен машыгууну 10—11 жаштан баштаса болот. Короо командаларынын ортосунда «Алтын шайба» байгеси үчүн мелдештер өткөрүлүп, ага миңдеген бала катышат. Хоккей балдардын ден соолугун чыңдап, тартиптүүлүккө тарбиялайт. Хоккей ойноп жатканда оюнчулар бири-бирине урунуу, жыгылуу, клюшка, шайба же топ тийүүдөн кырсыкка учурашы мүмкүн. Кырсыктын алдын алууда коргоочу шлем, беткеп, тизеге кийгич колдонуу, музду жакшы даярдоо жана оюнчулар тартипти сактоосу зарыл.
Чана хоккей жана горки хоккей - муз боюнча курама командасы спорттун оюн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн хоккей окшош. Оюн Майрам отун өтүп, атайын бастыргыч эки команда боюнча, каршылашын максатка жолу анын зор сандагы ыргытып жакын жана анын ичинде көз жаздымда эмес, көздөштүрүү. Утуп алган команда, каршылашын торуна максаттарына жогорку санын киргизди. Чана хоккей кышкы Параолимпиада оюндары кирет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Хоккей, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.