Терме-санат ырлар - адамдардын кулк-мүнөзү, үй-бүлөлүк, коомдук мамилелери, турмушка, дүйнөгө көз караштары, күндөлүк турмуш тажрыйбадан чыккан философиялык жыйынтыктары жөнүндөгү поэтикалык чыгармалар.
Терме-санат ырлар көбүнчө таалим-тарбия берүү максатын көздөгөндүктөн дидактикалык адабияттын бир түрүн түзөт. Терме-санат ырлар санат же насыят ырлары деп да аталат. Терме-санат ырлар мааниси жагынан макалдарга өтө жакындап, турмуштук маанилүү чоң окуялар да саналып айтылат.
кыргызда Терме-санат ырлар -ынтымакты үлгүлөрү Токтогул, Варны, Алымкул, Калык өңдүү акындар тарабынан чыгарылган. Терме-санат ырларында образдуу параллелизм, анафора, эпифора, ассонанс, аллитерация сыяктуу поэтикалык каражаттар пайдаланылат.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Терме-санат ырлар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.