Сихотэ-алинь коругу - Сихотэ - Алинь тоолорунун чыгыш жана батыш капталдары, түштүк-чыгыш жагы Япон деңизинин жээгине чейин жайгашкан.
1935-ж. уюшулган. Аянты 310112 га (1974). Анда кедр, жазы жалбырактуу токой басымдуу, карагай, кайың, кок карагай, эңилчек, мох ж. б. өсөт.
Айбанаттары: кер марал, элик, горал, донуз, жолборс, аюу, сүлөөсүн, токой мышыгы, кашкулак, кундуз, булгун, суусар.
Куштары: манкуш, чил, өрдөк, түрпүлүү суксур, уссури жана беринг кара казн, көгүш сагызган, кекташ тарсылдак.
Жыландары: даракчы сойлоок, нардуу даракчы сойлоок, калкан тумшук ж. б. Курт-кумурсканын көп түрү жашайт. Суусунда таймень, ленок, хариус, ит чабак бар.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сихотэ-алинь коругу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.