Рохинтон Мистри (англ.
Ал 2012-жылы эл аралык Neustadt сыйлыгына ээ болгон.
Рохинтон Мистри 1952-жылы Мумбайда (Индия) туулган. Анын бир тууган агасы драматург жана жазуучу Сайрус Мистри (англ. Cyrus Mistry). Мумбай университетинде математика илимин окуп, бакалавр даражасы менен бүтүргөн, St. Xavier колледжинде экономика адистигин алган.
Ал 1975-жылы колуктусу Френи Элавиа менен бирге Канадага көчүп, ошол жерде үйлөнүшкөн. Мистри Торонто университетинде окуп, англис тили жана философия адистигин бакалавр даражасы менен бүтүргөн. Мистри экинчи адистигин алаардын алдында банкта кыска мөөнөт ичинде иштеген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Рохинтон Мистри, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.