Монтан Ив (өз аты-жөнү – Иво Ливи) (13.10.
1921, Италия, Монсуммано-Терме шаары – 9.11. 1991, Франция, Санлис) – француз шансон ырчы жана актёр. 1923-жылы ата-энеси Францияга көчүп келгенетикалыкАдегенде кинотеатрларда, клубдарда, мюзик-холлдордо ырдаган. 1944-жылы Эдит Пиаф менен таанышып, Эдит Пиаф Монтандын устаты болуп калат (1949-жылы чейин). Монтан шансон ырчы катары Л. Арагон, П. Элюар, Ж. Превер жана башкалар. акындардын поэзиясына, о. эле актуалдуу саясий темаларга кайрылган. Монтан сахнада талантын аягына чейин ачып көрсөтө алган аткаруучу катары белгилүү. Акыркы концерттери 1981-жылы Париждеги «Олимпия» залында өткөн. Актёр катары коркунучтардан коркпогон демократиялык каармандын образын түзгөн. 1946-жылы Монтан Карненин «Түн дарбазасы» фильминде башкы ролду аткарган. 1960–70-жылдарда Коста-Гаврастын жана Клод Сотенин фильмдеринде Монтандын актёрдук таланты кеңири ачылган. Европада, Америкада да киного тартылган («Кел сүйлөшөлү» фильминде Мэрилин Монро менен бирге). Монтан СССРде өзгөчө белгилүү болгон. Б. Мокроусовдун Я. Хелемскийдин сөзүнө жазылып, М. Бернес аткарган «Алыстагы дос ырдаганда» ыры Монтанга арналган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Монтан Ив, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.