Ливия чөлү - Африкада, Нил дарыясынан батышта, Ливия, Египет, Судандын аймактарында, Сахаранын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан.
Аянты 2 млн км2дей. Түндүк бөлүгү түзөң, кум дөбөлөрү (бийиктиги 300 мге чейин) басымдуу, түндүк-чыгышында тектоникалык терең ойдуңдар (Каттара, деңиз деңгээлинен 133 м төмөн жайгашкан Сива, Файюм жана башка) бар. Түштүк бөлүгүн 400–500 м бийиктеги (айрым жеринде 1934 мге жеткен) таштуу (хамада) же кумдуу платолор ээлейт. Климаты тропиктик чөлдүү, түндүгү жер ортолук деңиздик жарым чөлдүү. Январдын орточо температурасы 12–18ᵒС, июлдуку 28–35ᵒС. Температуранын суткалык өзгөрүүсү 16ᵒСка чейин жетет. Жылдык жаанчачыны 25 ммден аз, түндүгүндө 50–100 мм. Буулануунун жылдык өлчөмү 4000 ммден ашат. Ливия чөлүндө кургак сайлар – уэддер дээрлик жокко эсе. Чөл акациясы, тамариск, шыбак өсөт. Булак чыккан жерлеринде – Сива, Бахария, Файюм, Куфра, Харга, Дахла, Фарафра оазистери бар. Оазистерде калктын негизги бөлүгү отурукташкан, алар курма пальмасын, шабдалы, өрүк, дан өсүмдүктөрүн өстүрөт. Мал чарбасы өнүккөн. Файюм, Харга оазистери темир жолу аркылуу Нил өрөөнү менен байланышат. Бахарияда темир кени бар.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ливия чөлү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.