Кызылсуу шаар чалдыбары – 7–12-кылымдарга таандык шаардын калдыгы.
Ысык-Ата районуна караштуу Шалтакбай айылынын чыгыш тарабында, Чүй дарыясынын сол тарабында жайгашкан. А. Н. Бернштам бул шаар чалдыбарды археологиялык жана орто кылымдардагы жазма булактарынын негизинде Сарыг шаарына В. Д. Горячева Невакет шаарына салыштырышат. Бул эки шаар тең орто кылымдардагы араб-перс авторлорунун (Ат-Табар, ибн-Хордадбек, Кудами, ибн-Жафар, ал-Хорезмдин) эмгектеринде кездешет. Шаар жана шахристан (ички шаар) да сыртынан бекемделген дубалдар менен курчалган. Түштүк-чыгыш тарабында цитадель жайгашкан. Дубалдар түрдүү боёк менен сырдалып, оймо-чийме түшүрүлүп кооздолгон.
Түрдүү формада жасалган карапа идиштер, айнек, темир, колодон жасалган кооздук буюмдар, согду, араб жана несториан жазуулары жана 3000ден ашык, жерге көмүлгөн тыйындардын салыгы табылган. Согдулуктардын өлүк көмүүчү жайы (некропол) жана 12 м будда кудайынын айкели, ибадатканасы (храм) изилденген. Түрк урууларына таандык, аты менен кошо көмүлгөн жубайлардын көрүстөнү ачылган. Демек, шаарда ар түркүн элдер жашаган. Кыргыздардын уламышында бул шаар алтын төөлүү шаар деп айтылат. Эстелик А. Н. Бернштам, П. Н. Кожемяко, В. Д. Горячева жана М. К. Байпаковдор тарабынан изилденген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кызыл-Суу шаар чалдыбары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.