Кайыңды, Кемин району – Чүй облусунун Кемин районундагы кыштак.
Көк-Ойрок айыл округунун борбору. Чоң Кемин өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1300 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жанатемир жол бекети Кемин шаарчасынан 60 км чыгыш тарапта. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы негизинен картөшкө өстүрүшөт жана мал багышат. Орто мектеп, китепкана бар. Кыштакта белгилүү акын Ысак Шайбек уулу, кыргыз эл акыны А. Токомбаев, Кыргыз Республикасынын Уулуттук Илимдер Академиясынын академиктери М. Иманалиев, С. Б. Данияров туулган жана залкар комузчу Муратаалы жашаган.
Кайыңды | |
Өлкө | Кыргызстан |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Аянты | 1 |
Калкы | |
Калкынын саны | 1 728 (2015) |
Жыштыгы | адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы | +6 |
жылы | 2009 | 2014 | 2015 |
---|---|---|---|
адам | 1414 | ↗ 1509 | ↗ 1728 |
Калып:Kyrgyzstan-stub
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кайыңды (Кемин району), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.