Кадуна – Нигериянын борбордук бөлүгүндөгү шаар.
Кадуна штатынын административдик борбору. Кадуна дарыясынын (Нигердин куймасы) боюнда жайгашкан. Калкы 2,0 млн (2008). Эл аралык аэропорту бар.
Англичандар тарабынан 1913-ж. негизделген. Текстиль, кагаз, тамак-аш, нефть ажыратуу, машина куруу, жыгаччылык өнөр-жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (карападан буюм жасоо) өнүккөн. Нигерия улуттук көз борбору (1979), Нигерия коргоо академиясы (1964), университет, политехникалык институт, китепкана, музейлер (анын ичинде тарых жана этнография) бар. Парк зоопаркы менен уюштурулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кадуна, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.