- 1895 - 1896-жылдардагы согуш 1895-жылдын аягында генерал Баратьеринин командалыгы менен италян аскерлери Тигр провинциясын басып кирүүдөн башталган. Колониячыларга сокку уруу үчүн император Менелик II 120 миң аскер топтойт.
- 1895-ж. 7-декабрда Амба-Алагинин жанындагы согушта Маконнен башчылык кылган Эфиопия аскерлери италиялык бөлүктөргө биринчи жолу катуу сокку урат.
- 1896-ж. 1-мартта Адува шаарынын жанындагы салгылашта италиялык 20 миң аскер талкаланат.
- 1896-ж. 26- октябрда Аддис-Абебада кол коюлган договор боюнча Италия Эфиопиянын толук өз алдынчалыгын таанууга аргасыз болот.
- 1935 - 1936-жылдардагы согуш. Италия 30-жылдардын башында өзүнүн Эритрея жана Италиялык Сомали колонияларында ири аскер топтойт.
- 1935-ж. 3-октябрда жакшы куралданган италиялык аскерлер маршал Бадольонун жетекчилиги менен Эфиопия аймагына басып кетти кирет. Эфиоп армиясы аларга каршы баатырларча салгылашат, бирок чегинөөгө аргасыз болот. Батыш державалар Италияны колдоп, курал-жарак, сырьё менен жабдыйт.
- 1936-ж. 5- майда италиялык аскерлер Аддис- Абебаны басып алат.
- 1936-ж. 1-июнда Италия өкмөтү составына Эфиопия, Эритерия жана Италиялык Сомали кирген Чыгыш Африка колониясын түзүү жөнүндө билдирет. Бирок Эфиопияда 1941-жылдын май айына чейин, б. а. өлкө бошотулганча партизандык согуш улантыла берген.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Италия-эфиопия согуштары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.