Интерферон

Интерферон — сүт эмүүчүлөрдүн жана канаттуулардын клеткалары вирустар жукканда жооп катары иштеп чыгарган коргогуч белок.


Ага вирустардын көпчүлүгү (арбовирустар, кызылча вирусу, сасык тумоо вирусу, энтеровирустар жана башка) сезгич келет. Клеткада Интерферондун пайда болушу аларда вирустардын өөрчүшүнө, башкача айтканда бөтөн нуклеин кислоталарынын киришине байланыштуу. Вирустан арылган жана таза клеткада Интерферон болбойт. Интерферон түрдүү вирустарга таасир этет, ал вирустардын организмде көбөйүүсүн басаңдатат. Интерферондун организмде пайда болушу киши менен жаныбарлар оорусунан айыгып кетишинде манилүү роль ойнойт. Бирок оорунун козгогучу абдан өөрчүп кетсе, бул коргогуч фактордун күчү келбей калат. Интерферон донордун канынын лейкоциттеринен лабораториялык шартта алынат. Медициналык практикада Интерферон вирустук ооруларды алдын алуу жана дарылоодо колдонулат.

Колдонулган адабият

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Tags:

КанаттууларСүт эмүүчүлөр

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ПублицистикаБразилия«Көкөтөйдүн ашы»Сөздүн маанисиКызыл кыргыз тарыхыКараханийлер мамлекетиБеш жылдык пландарЕвразияЭмгек рыногуСак цивилизациясыАйлана (математика)Чүчөк (энтеробиоз)Кыргыз аттарыКыргыз философиясыЗат алмашууМетеоритКалийТоктоболот АбдумомуновКоммуникацияТаш дооруЧагылганСүймөнкул ЧокморовМенингитКыргыздардын бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайыХимияЭлдик педагогикаКаада- салттар,ырым-жырымдарДүйнөлүк диндерМиграцияИнтернетИндияКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруАзияТүргөш кагандыгыТүрк кагандыгыБаш мүчөСенек жылдарСүтТелибай тентекОмор СултановОкутуу методуУлак тартышКыргыз тарыхы боюнча көөнө жазма булактарЖарандык согушТүркмөнстанТукум куугучтукМектепКөкөтөйдүн ашыСтильКазат АкматовКиринди сөзЖукеев ТабылдыЩелочтуу жер металлдарыСыдык уулу ОсмонаалыАлгачкы СоветтерТоктогул СатылгановБүбүсара БейшеналиеваАлдаяр уулу, Мойт АкеКол өнөрчүлүкКан тамырларМукай ЭлебаевРаев Султан АкимовичТелескопКыргыздын улуттук кийимдериСадыр ЖапаровАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКызыл аскерЖогорку окуу жайыАтоочтукФосфорКыргызстандын дары сууларыАвстралия🡆 More