Ингуштар

Ингуштар - (өздөрүн галгай деп аташат) – РФдин курамындагы Ингушстандын калкы.

Чеченстан, Түндүк Осетия, Казакстан, Орто Азия жана Ж. Чыгышта да жашашат. Жалпы саны 472,5 миң киши (2003). Ингуш тилинде, ошондой эле орус тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сунниттер. Ингуштар жөнүндө алгачкы эскерүүлөр 7-к-га таандык. Тили жана маданияты боюнча чечендерге жакын. Байыркы убакта Ингуштар уруу жамааттарына (Галгай, Цорин, Жейрах, Мецхаль) бөлүнүп, тоолуу аймактарда жашап, 16-17- кылымдарда өрөөндөргө (Түндүк Осетия) отурукташышкан. 19-кылымдарда алгачкы Ангуш же Ингуш (азыркы Тар өрөөнүндөгү Тар кыштагы) кыш. пайда болуп, эл кыштактын атынан аталган. 19-кылымдын башталышында Россиянын, 20-кылымдарда РСФСРдин курамына кирип, Ингуш АО, 1934-ж. Чечен АО менен биригип, Чечен-Ингуш АО, 1936-ж. Чечен-Ингуш АССРи түзүлгөн. 1944-ж. Ингуштар күч менен Орто Азияга жана Казакстанга көчүрүлгөн. 1957-ж. Чечен-Ингуш АССРи калыбына келтирилип, Ингуштар кайрадан мекенине кайтып келишкен. Ингуштар мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесиптенишип, хата-мазанкада (дубалы топурактан согулган же жыгачтан жасалып, сырты ылай менен шыбалган үй) жашашкан. Салттуу кийимдери жалпы кавказ тибинде. Эркектер көйнөк, бешмант, черкеска, башына папах кийип, белине кур байланып, канжар тагынышат. Аялдар узун көйнөк, кенен ыштан кийип, оромол жамынышат. Тамак-ашы негизинен дан, эт, сүт азыктары жана жер-жемиштер.

Колдонулган адабияттар

Tags:

КазакстанОрто АзияТүндүк Осетия

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ФольклорОлимпиялык оюндарЖыл сүрүү жадыбалыМуңгушАскердик антБенжамен Блумдун таксономиясыСалам айтуу, кол берүүИчкиликМияшев ТашГлобалдык көйгөйлөрКыргыз адабияты«Кыргыз» этнонимиЮНЕСКОДинамика (механикада)Кыргызстандагы жаныбарларАнтропогендик факторлорТайгараев, Туку байЛейлек районуЮпитерТүгөлбай СыдыкбековОнтогенезБарсбек каганАсанкан ЖумакматовЭлдик педагогикаГамзатов РасулИсхак РаззаковКосмосМүчөлКөк бөрүАлаш (партия)ТыбышЖамийла (повесть)1991БилимСын атоочЖөтөлгө каршы дарыларДарыКүн системасыМүчөАнтисептикаКишиАктБаш сүйлөмМанастын күмбөзүБайыркы кыргыздарУкукЗаманачы акындарБаяндоочБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыЧыныгы достукЛинза«Манасты» жыйнооАрстанбек Буйлаш уулуАйлана чөйрөнү коргооСаспаев АманКыргызстан сымап кендериАк кууларСуу ЧечекКызматчы сөздөрУкраинаКошмок сөздөрКаада-салтСаруу (уруу)Эсенкожоев КусейинИсмаилбек ТаранчиевВолейболЮрий ГагаринТамгаҮй-бүлөлүк зордук-зомбулукМамлекеттик башкарууАзияЭнесай кыргыздарыРиторика.Риторика илими.Мурундан кан агууКыргызстандын географиясы7-майЭфир майлуу өсүмдүктөр🡆 More