Жусубалиев Али Бурканович

Жусубалиев Али Бурканович 1977-жылы 1-январда Ош областына караштуу Ноокат районунун Ак-Булак айылында туулган.

1984-жылы Тельман атындагы орто мектептин (азыркы күндөгү С. Токторов атындагы орто мектеп) босогосун аттап, 1994-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Ошол эле жылы ОшМУнун теология факультетине тапшырып 1999-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, Түркия Мамлекетинин Анкара университетинин базасындагы магистратурага тапшырган. 2001-жылы 13-июнда Түркия Мамлекетинин Анкара университетинде «Фергана аймагында Ислам дининин кирүүсү жана жайылуусу» - деген темада магистратуралык диссертациясын түрк тилинде жазып коргогон. Ошол эле жылы жогоруда аты аталган окуу жайда докторантурага баштап, 2007-жылдын күзүндө Түркия Мамлекетинин Анкара университетинде «Кыргыздардын Исламды кабыл алуусу»- деген темада доктордук (Европа стандартындагы (Ph.D) диссертациясын да түрк тилинде жазып ийгиликтүү коргоп, теологиянын доктору деген академиялык даражага ээ болгон. Жыйырмага жакын илимий макалалардын автору.

Жусубалиев Али Бурканович
Жусубалиев Али Бурканович
Жалпы маалымат
Аты-жөнү: Жусубалиев Али Бурканович
Туулган жылы: 1977-жылы 1-январь
Туулган жери: Ноокат районунун Ак-Булак айылы
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Теология факультети
Илимий даражасы : «Дин таануу» адистиги боюнча философия доктору (PhD)
Илимий наамы: (PhD) доктор

Катышкан эл аралык программалары:

1. Мевляна алмашуу программасы, Кастамону университети, 2015-2016-окуу жылы.

Эмгектери:

Монографиялары, китептери:

  • 1. Кыргыздардын мусулмандашуу тарыхы. 1-басылышы. - Бишкек, 2016.
  • 2. Ислам (Ыйман, ибадат жана ахлак). – Ош, 2013. (авторлор)
  • 3. Хутбалар (Дин кызматкерлери үчүн колдонмо) Бишкек, 2016. (авторлош, китептин редакторлугу милдети.)
  • 4. Орто Азияда ислам дининин жайылуу тарыхы (Фергана өрөөнү мисалында) Бишкек 2022.

Кыргызчага которгон эмгектери:

  • 4. Түркия Дин Иштери Башкармалыгынын чыгармаларынан «Хадистердин негизинде ислам» (Hadislerle İslam) аттуу эмгегинин 3-тому кыргызчага которулуп, 4 жана 7-томдору редакцияланды.
  • 5. А. Х. Аксекинин «Ислам дини» аттуу эмгегинде котормо группасында болуп, китептин редакторлугун аткарды.
  • 6. Түркия Дин Иштери Башкармалыгынан жарыкка чыккан «Пайгамбарымды таанып билем» кыргызчага которулуп басмадан чыкты. 2007.
  • 7. Ажы Мехмет Кемалпилавоглунун «Балдар үчүн пайгамбарлар тарыхы» китеби кыргызчага которулуп басмадан чыкты 2007.

Журналдарда жарыяланган макалалары:

  • 1. Орто кылымдарда азыркы кыргызстан аймагында жана кыргыздарда билим берүү маселеси. //Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин илимий журналы. – Ош, 2004.
  • 2. Кыргыз маданиятында Азирети Мухаммед сүйүүсү. //V- международная научная конференция, Вестник Ошского государственного университета специальный выпуск, Ош-2008.
  • 3. Kırgızlarda islami eğitim üzerine tarihi bir bakış. //Ош мамлекеттик университети теология факультетинин илимий журналы, 14-15- саны, Ош 2011.
  • 4. Кыргыз макалдарында ишенимге байланыштуу мотивдер. //Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин илимий журналы, 18-19-саны, Ош 2013.
  • 5. Мусулман авторлорунун чыгармаларында Ош шаарынын чагылдырылышы (IX-XVI кылымдардын аралыгы). //Ош мамлекеттик университетинин жарчысы, Ош 2014.
  • 6. Тарыхта кыргыздарда диний билим берүү системасы. //И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жарчысы, Бишкек 2014.
  • 7. Бул китепче шаарлардын жакшысы-Ош шаарынын өзгөчөлүгү жөнүндө (Бу рисалеи хайрул-булдан Ош шехринин сыфаты). //ОшМУ теология факультетинин илимий журналы, 20-21 саны, Ош 2015.


Эл аралык симпозиумдарда сунган докладдары:

  • İslam tarihi kaynağı olarak kırgız şecereleri (Ислам тарыхы булагы катары кыргыз санжыралары). // Uluslararası Türk dünyasının İslamiyete Katkıları Sempozyumu, Ыспарта-Түркия, май-июнь 2007.
  • Кыргыздардын ислам динин кабыл алуусунда Ясавиликтин ролу// Материалы международной конференции исламская цивилизация в Центральной Азии, Астана-Казакстан, сентябрь 2007 (Стамбул 2010 басылды.)
  • Чыңгыз хан доорундагы кыргыз уруулары жана алардын кыргыз элинин калыптануусундагы ролу// VI Түрк дүйнөсүнүн Эл аралык илимий-практикалык конференциясы, Жалалабат, 2008.
  • Кыргыздардын исламды кабыл алуусунда ясавилик жана накшибандиликтин ролу// VIII Түрк дүйнөсүнүн Эл аралык илимий-практикалык конференциясы, Жалалабат, июнь 2010.
  • Жаштарга диний тарбиянын берилиши: үй бүлөдө, коомдо, мектепте// I Республикалык симпозиум, Бишкек 2013.
  • Kaybolmaya Başlayan Yesevi İzbasarları-Laçiler// Hacettepe Üniversitesi Türkiyat Araştırmaları Enstitüsü” Dilleri ve Kültürleri Yok olma Tehlikesine Maruz Türk Toplulukları 4. Uluslararası Türkiyat Araştırmaları Sempozyumu, 23-26 Mayıs 2012. Ankara/ Türkiye. (Ankara 2013 yayınlandı)
  • Ali Şir Nevâî’nin “Mahbubu’l-Kulub” adlı eserindeki topluma yön veren Ahlaki Meziyetler//“Doğumunun 570 yıl dönümü nedeniyle Ali Şir Nevâî” Uluslararası Avrasya’ya Yön Veren Şahsiyetler-I Sempozyumu, 24-25-Şubat 2012 Fatih Üniversitesi, İstanbul.
  • Kırgızlar’ın İslamiyeti Kabulünde Tasavvuf ve Tarikatlerin Rolü// Кыргыз-Түрк “Манас” университети “Орто Азияда Ислам Маданияты II” эл аралык симпозиуму. – Бишкек: 12-15-октябрь 2012.

Өлкө аймагындагы конференцияларда сунган докладдары:

  • 1. Дүйнөлүк диндерде толеранттуулукка карата көз караштар. //Кыргызстандын түштүгүндө этностор аралык мамилелер: Азыркы абал жана перспективасы аймактык илимий-практикалык конференцияы. – Ош. 2013.

Tags:

Жусубалиев Али Бурканович Катышкан эл аралык программалары:Жусубалиев Али Бурканович Эмгектери:Жусубалиев Али БуркановичНоокат району

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кайра курууТаш-РабатКесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөрРысбай АбдыкадыровМанас эпосу, ЭнциклопедияКоёндор жапайыАлай районуБишкек чебиБиринчи жардамxwyahКүндөрдүн аталышыЖаратылышКыргызстандагы металлдарМанас эпосунун идеясы«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруТабият кырсыктарыАтама сүйлөмЧоң-Алай тоо кыркасыКыргызстандын чек араларыЖарандык укукСөздүн маанисиКылмышЭки миң сомОктябрь революциясыӨсүмдүкИманалы АйдарбековБиосфераПопуляцияПунктуацияТоктогул ГЭСиӨлүмАстрономияТоголок МолдоБарпы Алыкул уулуТүгөлбай СыдыкбековРиторика.Риторика илими.Каакым-кукумОтоо чөпТекстКыргызстандын туусуКиринди сүйлөмАянты боюнча көз карандысыз мамлекеттердин тизмесиЗомбулукКокон көтөрүлүштөрүЖылкыКозу карындарШүкүрбек БейшеналиевКубаттуулукКыргызстандын КонституциясыТоталитардык (төбөлдүк)Жапый уулу ТыныбекЭлектр кыймылдаткыч күчүЖалал-Абад облусуАлп СолКыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрүРычагМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыӨнөр жайТүштүк Азия«Кыргыз» этнонимиTik TokАбдыкерим СыдыковВирусКыргыз музыкасыАминдерКыргыз тилинин тарыхыМеталл эместерСулайман-ТооМеркурийАнглияКыргыз тилинин грамматикасыДаникеев, ӨскөнАта-БейитЭлементтер мезгилдик системасыЖер титирөөАлфавитjvrkk🡆 More