Жарандык Баш Ийбөөчүлүк

Жарандык баш ийбөөчүлүк термини америкалык ойчул жана жазуучу Г.

Торо (1817–1862) тарабынан «Граждандык баш ийбөөчүлүк» (1849) аттуу программалык эссесинде пайдаланылган. Жарандык баш ийбөөчүлүк алып жүрүү-чүлөр тарабынан акыйкатсыз жана четтетүү керек деп каралган өкүм сүргөн тартипке, айрым мыйзамдарга, бул же тигил саясий лидерлерге же бийликтер тарабынан жүргүзүлгөн расмий саясий акцияларга карата нааразычылыкты чагылдыруу менен байланышкан жеке же көпчүлүк аракеттер. Эреже катары жарандык баш ийбөөчүлүктүн жактоочуларынын аракеттери бийликтегилерге баш ийбөө жана саясий, диний же адеп-ахлактык ой-жүгүртүүлөрдөн улам мыйзамдарды аткарбоого чакыруулар менен байланышкан.

ХХ к. жарандык баш ийбөөчүлүк концепциясынын жана тажрибасынын андан аркы өнүгүүсүн англиялык колониализмге каршы күрөштүн жүрүшүндө М. К. Ганди иштеп чыккан. Ганди тарабынан иштеп чыгарылган жана анын улантуучулары тарабынан кабыл алынган баш ийбөөчүлүк саясаты өзүнө бийликтегилер менен кызматташтыкка барбоо, өкмөттүк окуу жайларын бойкоттоо, тынчтык демонстрацияларын уюшурууну камтыган.

Батышта жарандык баш ийбөөчүлүк акциялары Франциянын Алжирдеги колониалдык согушуна, Вьетнамдагы АКШнын согушуна, ЮАРдагы расалык дискриминация фактыларына каршы күрөштөрдө кеңири колдонулган.

СССРде жарандык баш ийбөөчүлүк идеялары иш жүзүндө диссиденттик кыймылдардын көптөгөн активисттери тарабынан колдонулган. Жарандык баш ийбөөчүлүктүн негизинде – күч колдонбостон каршылык көрсө-түү жатат. Формасы боюнча жарандык баш ийбөөчүлүк төмөндөгүдөй акцияларды жүзөгө ашырууну өзүнө камтыйт: ачыкка чыгуу, демонстрацияларды, нааразычылык марштарын, пикеттерди, ачкачылык жарыялоолорду уюштуруу, аскердик кызматка чакырууга макул болбоо, мыйзам чыгаруу актыларын, шайлоолорду бойкоттоо. Бул кыймыл-аракеттери менен жарандык баш ийбөөчүлүктун демилгечилери белгилеген саясий максаттарга жетүүгө алып келе турган кыймылдын массалык социалдык базасын кеңейтүү үмүттөрү менен байланышкан. Ошондуктан политологияда жарандык баш ийбөөчүлүк өзүнүн мүнөзү боюнча легалдуу оппозициянын укуктук ишмердүүлүгү менен коомдун саясий дестабилдештирилишине алып келген. Укукка каршы аракеттердин ортосундагы аралыктык абалды ээлеген саясий нааразычылыктын аракети катары каралат.




Колдонулган адабияттар

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8

Tags:

Торо, Генри Дейвид

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Абстрактуу түшүнүкКыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездиЛазерЖугуштуу ооруларОмонимдерТок булагыКызматчы сөздөрБийликКутурмаДүйнөлүк диндерАз кандуулукАракечтикЫсык-Көл ойдуңуМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыТамеки чегүүИнфекцияАфрикаАк батаБайыркы славяндарБилим берүүБулганыч сууларды тазалооЭмчектеги балаБөлүп чыгаруу системасыЖылкыЖүрөкКан тамырларТагай бийКоруктарЖер тобундагы планеталарФевраль революциясы (1917)Аскердик уставдарПирамида (геометрияда)Кайра курууЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстандын Россияга каратылышыСан атоочМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыСак уруусуКыргызстан тарыхыУйгур кагандыгыКлиматАянты боюнча көз карандысыз мамлекеттердин тизмесиЧүкө оюндарыОкутуу методуКанаат ханТуберкулёзСалыкРельефтин жалпы мүнөздөрүЖыл сүрүү жадыбалыКубатбек ЖусубалиевКыргыз Республикасынын президенттериЖаңыл МырзаАк канМаркетингСталиндик сыйлыкМанасчыАк кеме (чыгарма)КоммуникацияЖарым өткөргүчКомуз күүсүПластмассаMicrosoft PowerPointТиричиликтин пайда болушуСыдык уулу ОсмонаалыКыргызстандын мамлекеттик тилиРаев Султан АкимовичБиринчи мугалимФилософияСтильЭлдик медицинаБразилияШүкүрбеков РайканКыргыз композиторлоруАйлардын кыргызча аталышыАтомСууга чөгүүФранцияТүлөбердиев Чолпонбай🡆 More