Айчүрөк Менен Күлчоронун Акбала, Каныкейлер Менен Көрүшкөнү.

Айчүрөк менен Күлчоронун Акбала, Каныкейлер менен көрүшкөнү.

Булардын жолугушуусу психологизмге өтө терең сугарылган саптардан турат. Он эки жылдан бери качып карматпай жүргөн төө атасы Бозбуура менен Манастын Кумайыгы келет. Айчүрөк аларды көргөндө Семетейди көргөндөй, «Тарак тийбес кара чач, Тал-талынан жулунуп, Ай тийгендей кайран бет, Беш тырмак тийип булунуп» өткөн-кеткен турмушу көз алдынан өтүп, ичтеги капасы козголот. Канчородон өч алууга келген Күлчоро, Сейтектерди эл кызуу кабыл алышат. Күлчоро ордого келсе Канчоронун «Жумулган көзү ачылбайт, Сунган буту тартылбайт». Күлчоро андан Семетейден калган Аколпок баштаган курал-жарак, мүлктү доолайт. Канчоронун аялы Чачыкей Күлчоронун тегинин кытайлыгына жетип, кыргызга эл болбосун айтып ачуусуна тийгенде, ал Чачыкейди өлтүрүп тынат (Мамбет Чокмор уулунда жез мамыга мингизет). Аңгычакты Айчүрөк, Каныкейлер келишет. Ушу жерде Канчоронун бала кезинде эле душмандыгы билинип, бирок Семетей бекерге аяп, өлтүртпөй койгондугу эскерилет. Канчорону Айчүрөк өз колу менен жайлайт,Шапак Ырысменде уулунда Күлчоро өлтүрөт. Мамбет Чокмор уулунда Күлчоро Канчорону өлүмгө кыя албай аяп турганда Бозбала келип Канчоро сага эмне гана кордук кылбады эле деп урушуп, аны эки колун билегинен кестирип, кайнаган майга салдырат. Ыбырайым Абдыракман уулу да Канчородон өч алуунун жүрүшүн катаал баяндайт. Чыккынчылык менен бийликке жетип жыргап жаткан Канчорону да Кыястай кыйнап, Чачыкей менен бирге орго салышат. Кыяс, Карагул, Канчоро, Чачыкейлер ордо жатып өлүшөт. Бардык вариантта салттуу айтылган окуя — Канчородон өч алуу ушундайча аяктайт. Бакайды Карадөө (Кутубийдин баласы) табат. Бакай өзүнүн оор абалын баяндап, Күлчоро, Сейтектерди күтүп өлбөй жүргөндүгүн айтат. Карадөө Күлчоро калыбына келип айыкканын, Сейтек эр жетип элине көчүп келатканын сүйүнчүлөйт. Бакай алар менен жолугушат. Сейтек кан көтөрүлөт да Күлчорону Айчүрөктү ал десе Күлчоро баш тартат (Жакшылык Сарык уулу). Шапак Ырысменде уулу Күлчорого тиешелүү окуяларды дагы кеңитип, асмандан Айчүрөктү Күлчоро алсын деген дабыш чыккандыгын кошумчалайт. Ошол себептүү Күлчоро менен Айчүрөк баш кошууга милдеттүү эсептелип, Сейтек өзү кийлигишип жатып, энесин Күлчорого баш байлайт. Эки жылдын ичинде Айчүрөк Алымсарык, Кулансарык деген эки уул төрөйт. Мамбет Чокмор уулунда Күлчоро сыяктуу эле Айчүрөк да баш кошууга каршылык көрсөтөт. Муну менен Айчүрөктүн Семетейге чыныгы туруктуу жар экендиги дагы бир жолу белгиленет. Айчүрөк Семетейдин өлүмүнө ишенбей, сөзсүз издеп табарын айтат. Билгизбей катып жүргөн Семетейдин жоо-жарагын Сейтекке тапшырып, аны Семетейдин баласы деп жедигерге жарыялайт.

Таласка көчүп чыгарда Нуркандын кызы Каракыз Сейтекке баш кошууга өз ыктыяры менен келет. Эгерде кыздын түшүндө аян берген карыяны эскерсек, үйлөнүүнүн бул түрү байыркы коомдогу адат-салтты эске түшүрөт. Бул вариант боюнча башкы душман Канчородон өч алуу биринчи орунга коюлуп, Кыясты өлтүрүп, Айчүрөктүн Таласка көчүп келиши менен Манастын орду анын тукумуна өтүп, аргын, ногой уруулары жыргап жатып калат.

Колдонулган адабияттар

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-035-5

Tags:

АйчүрөкКанчороКаныкейКумайыкКүлчороМамбет Чокмор уулуМанас баатырСейтекСеметейЧачыкейШапак Ырысменде уулу

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргыз Ала-ТооРысбай АбдыкадыровТынч океанАба ырайыОперациялык системаКеп маданиятыСеметейдин балалык чагы. Каныкейдин Тайторуну чабышы.АнглияСаспаев АманКошмок сөздөрКалыгул Бай уулуСуу ЧечекТолкун узундугуКыргыз автономиялуу облусуВаленттүүлүк (химияда)Түрк кагандыгыПрофессионал кыргыз адабияты жана «Манас».Барсбек каганАк кеме (тасма)МутацияЖөтөлгө каршы дарыларИнфекцияЫсык-Көл облусуАнатай ӨмүркановРоза гүлдүүлөрАжал ордунаОрусия«Замана» агымыМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?АйСүрөБиоценозУлуу БританияXIX кылымКөп маанилүү сөздөрДем алуу системасыАйыл чарбаЭлдердин улуу көчүҮй-бүлөШайлообек ДүйшеевАкулаДекларация (жарнак)МанасЖалал-АбадЗат алмашууСуу сактагычБиринчи мугалимАтмосфера басымыСоциологияЖайлооЖыл сүрүүӨсүмдүкСтандартКесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөрТолеранттуулукЭмчектеги балаБиринчи дүйнөлүк согушАткаруу бийлигиЖарыктын поляризациясы (ЖП)Түндүк Тянь-Шань рельефинин калыптанышы жана тектоникасыТажикстанПикир алышууӨзгөчө кырдаалАвстралия (континент)Кедейкан (эпос)ИталияСын атоочЖыныс мүчөлөрүЖүрөкMicrosoft WindowsПолот ханТуз (химия)ИнтернетКанадаТууранды сөзАстрономия🡆 More