Абдраимов — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы жоюлуп кеткен айыл.
2021-жылы Базар-Коргон шаарынын курамына киргизилген.
жоюлуп кеткен айыл | |
Абдраимов | |
Өлкө | Кыргызстан |
---|---|
Облус | Жалал-Абад облусу |
If: | Базар-Коргон району |
If:Айыл аймагыАйыл аймагы | Кеңеш айыл аймагы| Кеңеш |
Тарыхы жана Географиясы | |
Мурунку аталышы | Совет, Арпачы |
Бийиктиктиги | 756 ± 1 |
Калкы | |
Расмий тили | Кыргыз тили |
Калкынын саны | (2020) |
Жыштыгы | адам/км2 |
Диний курамы | ислам |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы | +6 |
Телефон коду | +996 |
Почта индекси | 720812 |
Автоунаа коду | 04, D |
Абдраимов айылы, Кеңеш айыл өкмөтүнүн борбору Кар-Үңкүр суусунун оң жээгинде, Ош-Бишкек автоунаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 755 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон шаарынан 3 км түндүк-батыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. 1886-ж. отурукташкан. Кыштак мурда Арпачы, Мужикайыл, Никольский, Совет аталган; 1996-ж. Социалистик Эмгектин баатыры К. Абдраимовдун ысмы берилген.
2021-жылы мурдагы Базар-Коргон айыл аймагынын (Базар-Коргон, Беш-Бадам, Жети-Кошкон, Көк-Алма айылдарынан турган), Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын жана Кеңеш айыл аймагынын Аук, 'Абдраимов' айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштардын негизинде Базар-Коргон шаары түзүлгөн.
Калкы 8400 (2002); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо, сауна, кафе, ашканалар иштейт. Эки орто жана башталгыч мектеп, маданият үйү, амбулатория, учук диспансери, дарыкана, автоунаага май куюучу 2 станция, мечит жана башкалар бар.
Айылда № 11 Мамажан Алыкулов атындагы орто билим берүүчү мектеби бар, Революцияга чейин бул мектеп башталгыч мектеп болуп ачылган. 1920-жылы ал айылдык башталгыч мектеп деп аталган. 1928-жылы жети жылдык мектеп болгон. 1930-жылы мектеп № 2 орто мектеп деп аталган. 1976-жылы баштап №2 мектеп Энгельс атындагы № 11 орто мектеп болуп аталып калган.
1976-жылы үч кабаттуу имаратка көчүп килип. Бул мектеп орус, өзбек тилиндеги мектеп болгон. 1994-2006 жылдары мектептин мугалимдери «Жыл мугалими» конкурсуна жыл сайын ийгиликтүү катышышкан. 20-сентябрь 1999-жылы № 11 Энгельс атындагы мектеп № 11 Мамажан Алыкулов атындагы мектеп болуп өзгөрүлгөн. 2007-жылы мектепке толук оңдоп түзөө жүрүп, жылытуу системасы грантын негизинде 550 миң сомго бүтөрүлгөн, окуу жайда 65 мугалим эмгектенет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Абдраимов (айыл), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.