Ян Сибелиус (8.
12. 1865, Хяменлинна, Тавастехус - 20. 9. 1957, Ярвения, Хельсинкиге жакын) - финн композитору, М. Вегелиустан (Хельсинкиде), А. Беккерден (Берлинде), Р. Фукс менен К. Гольдмарктан (Вена) таалим алган.
Фин элдик музыкасынын негизинде ири чыгармаларды (7 симфония, 14 симфониялык поэма, 1892- 1929) жазган.
Көрүнүктүүлөрү: «Калевала» эпосунун негизинде жазылган «Куллерво-симфония», «Лямминкяйнен» симфониялык цикли, «Финляндия», «Түндүк кызы», «Тапиоля» симфониялык поэмалары, «Мекеним» баатырдык кантатасы, «Кара розалар», «Жолугуудан кайткан кыз» лирикалык романстары.
Хельсинкиде 1950-жылдан ар жылы (июнда) «Сибелиус жумалыгы» фестивалы өткөрүлөт.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ян Сибелиус, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.