Амалия Эмми Нётер (нем.
Павел Александров, Альберт Эйнштейн, Жан Дйодонне, Герман Вейл жана Норберт Винерлер аны математиканын тарыхындагы эң маанилүү аял деп эсептешкен. Ал ХХ кылымдын улуу математиктеринин бири катары, шакек, талаа жана алгебралардын теорияларын түп-тамыры менен өзгөрткөн. Физикада Нётердин теоремасы симметрия менен сакталуу мызамдарынын байланышын ачыктайт.
Нётердин математикалык эмгектерин үч мезгилге бөлүшөт. Биринчи мезгилде (1908-1919) иварианттар жана сандык талаалар теориясын өнүктүргөн. Анын Нётер теоремасы деп аталган дифференциалдык инварианттар жана варианттык санак теоремасы "азыркы физикада колдонулган эң маанилүү математикалык теорема" деп аталган. Экинчи мезгил ичинде (1920-1926) "[абстракттык] алгебранын жүзүн өзгөрткөн" ишке киришкен. Ал классикалык Idealtheorie in Ringbereichen ("Шакектеги идеалдар теориясы") китебинде кеңири колдонмолор спектрине жарактуу коммутатив шакектердин идеалдары жөнүндө теория иштеп чыккан. Ал көбөйүүчү чынжырлардын үзүлүүсүнүн жагдайын колдонуунун укмуш жолун тапкан. Бул жагдайларга туура келген объектилерди анын урматына "Нётердик" деп аташат. Үчүнчү мезгил (1927-1935) анын коммутативдик эмес алгебра жана гиперкомплексттик сандар боюнча жарыялоолору менен белгиленет. Нётер топторду көрсөтүү теориясын модулдар менен идеалдар теориясына кошкон. Нётер өз изилдөөлөрүн жарыялоо менен катар башка математиктерге да идеяларын берешендик менен бөлүшкөн. Бул идеялардын айрымдары, мисалы, алгебралык топология жааты, Нётердин изилдөө багыттарынан алыс болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Эмми Нётер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.