Элвис Арон Пресли (Elvis Aaron Presley) (8.
1. 1935, Тьюпело – 16. 8. 1977, Мемфис) – америкалык эстрада ырчысы жана актёр. Пресли 1950-жылдардан Америкада «Рок-н-роллдун атасы» катары таанылып, эркин аткаруу стилинин өзгөчөлүгү менен рок музыканын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. «Good rockin' tonight» (1954), «Milkcow blues boogie» (1955), «I forgot to forget» (1955), «Мени назданып сүйчү» (1956), «Сени сүйүү» жана «Түрмөдөгү тагдыр» (1957), «Кинг Креол» (1958) ж. б. чыгармаларды жараткан. америкалык хит-параддарда анын аткаруусундагы 39 ыр мыкты 10 ырдын катарына кирген, 28 алтын диски чыккан. 1956-жылдан киного тартылган (33 роль): «Солдаттык блюз», «Көгүлтүр Гавайи» (1961), «Мүнөздүн өзгөрүлүшү» (1969) ж. б. 1958–60-жылдары АКШ армиясында кызмат өтөгөн. 1969–77-жылдары Улуу Британия, Гавайи аралында ж. б. өлкөлөрдө гастролдор болгон.
Элвис Пресли | |
Негизги маалымат | |
---|---|
Төрөлгөндөгү ысымы | |
Автографы | [[Файл:|80px}}]] |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Элвис Пресли, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.