Ыкшар

Ыкшар (лат.

Бир же көп жылдык, бир үйлүү чөп. Көбүнүн сабагы бутактуу, кээде бутаксыз. Жерге төшөлүп же тик өйдө өсөт. Жалбырагынын жээги тегиз, сабакта кезектешип жайгашкан, алар саптуу, формасы ар түрдүү: ромбик же ланцеттей, эллипстей, сүйрүрөөк – тегерек. Боочо топ гүлгө чогулган гүлдөрү жалбырак колтугунда орношкон, айрым түрлөрүнүн гүлү сабактын учунда шыпыргыдай, желпингичтей топ гүлдү түзөт. Аталык гүлү 3-5 аталыктуу, энелик гүлү бирөө. Мөмөсү – бир уруктуу кутуча, өсүмдүктүн бардык органдары жашыл. Айрым түрлөрү кызыл, кочкул же көгүш кызыл.

Ыкшар
Amaranthus tricolor.

Ы-дын айрым түрлөрү (кайрылган Ы.) картошка жана бакча өсүмдүктөрүнүн өтө зыяндуу отоосу. Айрым түрлөрү (шыпыргыдай Ы., куйруктай Ы.) кооздук үчүн гүлзарда өстүрүлөт. Жазында кээ бирин мал жакшы оттойт. Тоют катары да (ак Ы., төшөлмө Ы.) кээ бир өлкөлөрдө атайы айдалат.

Жер жүзүндө 20 ашуун түрү, Кыргызстанда 5 түрү белгилүү, алар көбүнчө өрөөндө, кыштоо тегерегинде, аңызда, айдоо четинде өсөт.

Колдонулган адабияттар

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4

Tags:

L.Латын тилиМөмөУруу (биология)Өсүмдүк

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ЖарыкКаада-салт«Сейтектин» сюжетиБасыз, урууЭтнопедагогикаКыргыз философиясыЭволюцияШайлоо системасыОрозов КарамолдоРиторика.Риторика илими.Химиялык элементЖүрөкОкутуу методуКыргызстандагы металлдарКосмосБруцеллёзКомузАрхаизмКлиматБаварияОрто АзияАба (атмосфера)ТерроризмГеографиялык кабыкКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаКыргыз элдик оозеки чыгармаларКелмеЖердин экологиялык маселелериАсан КайгыБайламтаАйАкчаЛогикаКурманжан ДаткаКөкө уулу ЖеңижокБоордун циррозуТоолор кулагандаЖазУлуу Ата-Мекендик согушТөрөтЖашоо чөйрөӨзгөнЦивилизацияМамлекетКуранЭкосистемаРепортажФонетикаМидин АлыбаевКомпьютерСоветтер Союзунун баатырларыӨмүрбаев, СагындыкСүйүнбай ЭралиевУлуу жибек жолуКаныкей образыКыргыздардын улуттук кийимиХадисЖусуп БаласагынТкандар (биологияда)ЕвропаСахабаларКыргыз аттарыАйлана чөйрөнү коргооҮндөштүкҮндүү тыбыштарДүйшөнкул ШопоковРельефтин жалпы мүнөздөрү606Саякбай КаралаевЖеңиш чокусуМанас эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантыБразилияКыргыз тилинин жазуу эрежелери, 2002 ж. редакциясыМонгол империясыРамазан🡆 More