Херд аралы жана Макдональд аралдары ( англ. Heard Island and McDonald Islands, HIMI) — Инди океанынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан чакан ээн (турукту эл турбаган) архипелаг.
Эки чоң жана көптөгөн майда аралдардан турат. Австралиянын көз каранды аймагы болуп эсептелет.
Херд аралы жана Макдональд аралдары архипелагы дүйнөдөгү эң алыскы кургактыктардын бири болуп саналат:
Херд аралы (HGЯO) — Кергелен платосунун суу астындагы жайгашкан жанар тоосунун чокусу болуп саналат. Аралдын узундугу 43 км, туурасы 21 км. Аралдын (жана архипелагдын) эң бийик чокусу 2745 м бийиктиктеги Моусон чокусу. Ал ошондой эле Австралиянын эң бийик чекити да болуп эсептелет. Херд аралынын 80% кар жана муз менен капталган. Аралдын жалпы аянты 368 км².
Макдональд аралы (HGЯO) — Херд аралынын батыш тарабында, 44 км алыстыкта жайгашкан. Бул арал да жанар тоодон пайда болгон арал. Эң бийик чокусу 230 м, жалпы аянты 2,5 км².
Бул кичинекей аралдардын тобу Херд аралынын түндүгүндө, 10 км алыстыкта жайгашышкан. Майда аралдарынын жалпы аянты 1,1 км². Архипелагдын аянты 372 км².
Бул аралдардын аймактарынын климаты субантарктикалык: кышы жылуу (+0,1°С) жана жайы суук (+4,2°С) деп мүнөздөлөт. Жыл бою согуп турган шамалдын ылдамдыгы 26-33,5 км/саат. Шамалдын ылдамдыгы 180 км/саатка чейин жетиши мүмкүн. Херд аралында жылдык жаан-чачын 1300-1900 мм чейин жетет. Төрт күндүн үчөөсүндө аралдарда жамгыр (кар аралаш же кар) жаап турат.
Айлар | Янв | Фев | Март | Апр | Май | Июн | Июл | Авг | Сен | Окт | Ноя | Дек | Жыл |
Рекорддук жогорку °C (°F) | 20.1 (68.2) | 18.0 (64.4) | 19.9 (67.8) | 20.4 (68.7) | 19.3 (66.7) | 14.0 (57.2) | 15.0 (59.0) | 15.4 (59.7) | 16.8 (62.2) | 16.4 (61.5) | 14.6 (58.3) | 19.2 (66.6) | 20.4 (68.7) |
Максималдуу орточо күнүмдүк °C (°F) | 6.4 (43.5) | 6.5 (43.7) | 6.3 (43.3) | 5.3 (41.5) | 3.7 (38.7) | 2.3 (36.1) | 2.2 (36.0) | 2.2 (36.0) | 2.2 (36.0) | 3.3 (37.9) | 4.1 (39.4) | 5.4 (41.7) | 4.2 (39.5) |
Орточко күнүмдүк °C (°F) | 4.7 (40.5) | 4.8 (40.6) | 4.6 (40.3) | 3.6 (38.5) | 2.2 (36.0) | 0.9 (33.6) | 0.5 (32.9) | 0.4 (32.7) | 0.5 (32.9) | 1.5 (34.7) | 2.4 (36.3) | 3.8 (38.8) | 2.5 (36.5) |
Минималдуу орточо күнүмдүк °C (°F) | 3.0 (37.4) | 3.1 (37.6) | 2.8 (37.0) | 1.9 (35.4) | 0.7 (33.3) | −0.6 (30.9) | −1.1 (30.0) | −1.4 (29.5) | −1.1 (30.0) | −0.2 (31.6) | 0.7 (33.3) | 2.1 (35.8) | 0.8 (33.5) |
Рекорддук төмөнкү °C (°F) | −0.5 (31.1) | 0.2 (32.4) | −1.7 (28.9) | −2.9 (26.8) | −4.8 (23.4) | −7.2 (19.0) | −6.2 (20.8) | −11.5 (11.3) | −8.6 (16.5) | −7.1 (19.2) | −6.2 (20.8) | −0.7 (30.7) | −11.5 (11.3) |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Херд аралы жана Макдональд аралдары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.