Форрест Гамп (англ. Forrest Gump, орус.
Тасмага тартылгандар: Том Хэнкс, Робин Райт, Гари Синис, Майкелти Уилямсон жана Салли Филд. Окуя кем акыл, бирок жүрөгүндө кири жок, ак көңүл, ошондой эле жүгүрүүдө алдына киши салбаган алабамалык Форрест Гамптын жашоосун сүрөттөйт. Тасмада Форрест ХХ кылымдын экинчи жарымында, тагыраак айтканда 1944-1982-жылдар аралыгында АКШда болуп өткөн кээ бир орчундуу окуяларга күбө болуп, айрымдарына таасир этет. Уинстондун романы Гамптын мүнөзү жана кээ бир окуялардын сүрөттөлүшү жагынан тасмада бир топ өзгөртүлүп берилген.
Форрест Гамп | |
---|---|
Режиссеру | Роберт Земекис |
Продюсер |
|
Сценарийи | Эрик Рот |
Оператору | Дон Бержесс |
Негизинде | Форрест Гамп автору: Уинстон Грум |
Тартылгандар |
|
Музыкасы | Алан Силвестри |
Редактору | Артур Шмидт |
Жайылтуучу | Paramount Pictures |
Чыккан жылы |
|
Узактыгы | 142 мүн. |
Өлкөсү | АКШ |
Тили | Англис |
Бюджети | $55 млн |
Киреше | $677.9 млн |
1995-жылы тасма Оскардын "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер" (Роберт Земекис), "Эң мыкты актер" (Том Хэнкс), "Эң мыкты сценарист" (Эрик Рот) "Эң мыкты визуалдык таасир" жана "Эң мыкты монтаж" сыйлыктарын утуп алган. Мындар сырткары "Алтын глобус", "Элдин тандоосу", "Жаш артист" ж.б. ушул сыяктуу бир топ сыйлыкка татыган. 2011-жылы АКШ Конгрессинин китепканасы тасманы "маданий, тарыхый же эстетикалык баалуу" деп Улуттук кино реестринде сактоо үчүн тандап алган.
"Форрест Гамптын" бетачары көрсөтүлүшү 1994-жылы 23 июнда Лос-Анжелес шаарында өткөн. Тасма АКШ прокатына ошол эле жылдын 6 июлунда, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө күзүндө көрсөтүлө баштаган.
Бетачарлардын датасы IMDb сайтынын маалыматтарына ылайык берилген.
"Форрест Гамп": релиздер тууралуу маалымат (англисче). — IMDb. Текшерилген күнү 29 -март (жалган куран) 2009. Түп булактан архивделген күнү 24 -январь (үчтүн айы) 2012.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Форрест Гамп, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.