Турин - Италиянын түндүгүндөгү шаар, Пьермонт жана Турин провинциясынын адм.
борбору.
Дора-Рипария менен По дарыянын кошулган жерде жайгашкан. Калкы 860,0 миң (2010). Ири жолдор тоому. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн ишкер, өнөр жай жана маданий борбору. Ар түрдүү машина жана автомобиль ((«Фиат» автоконцерни; алардын ичинен автомобиль тетиктери жана авиа куруу, айыл чарба жана т. ж. техникалары, мотор, шариктүү подшипниктер, электроника приборлору (алардын ичинен аскерий)), хим., дары-дармек, текстиль, тамакаш, полигр. ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт.
Италиянын саркеч кийимдер индустриясынын борбору. ЖОЖдор (алардын ичинен университет), Фиат илимий изилдөө борбору, эл аралык автомобиль салону, музейлер, (алардын ичинен шаардык көөнө искусство, Египет ж. б.), сүрөт галереясы ж. б. бар. Император Августтун мезгилинде римдин ээлиги, 1563-1720-ж. Савой герцогдугунун 1720-1861-ж. (мезгил-мезгили менен) Сардиния, 1861-65-ж. Италия королдуктарынын борбору болгон. Собор (15-18-к.), барокко стилиндеги Сан-Лоренцо (17-к.), Суперга базиликасы (18-к.) сакталган. 1997-ж. Реале, Кариньяно, Мадама ак сарайлары, Валентино сепили Бутпкул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.
«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Турин, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.