Синил кислотасы, суутек цианиди к-тасы, НСN ачуу бадам жыттанган түссүз суюктук; кайноо t 25,7°С, балкып эрүү t 13,3°С, тыгызд.
0,687 г/см3 (20°С). С. к. 1782-ж. Ж. Гей-Люссак суусуз абалында алып, сандык курамын аныктаган. С. к. абада Н2О, СО2, N2 пайда кылуу менен күйөт. Көпкө сактоодон ажырайт. Өтө начар к-та, туздары — цианиддер. Орг. бирикмелери нитрилдер деп аталат. С. к. өндүрүштө аммиак, метан аралашмасын катализатор (Рt же Рt + Rh куймасы ) үстүндө аба менен окистендирүүдөн алынат:
2NH3 + 2СН4 +302 ® 2НСN + 6Н2O
С. к. хлорциан, акрил-нитрил, акрилаттар, амин к-таларын, оксинитрилдер алууда колдонулат. Өтө уулуу зат. Организмдеги окистенүү жана ферментативдик процесстерди төмөндөтөт, гемоглобинди циангемоглобинге айландырат, дем алууну кыйындатат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Синил кислотасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.