Симметрия (грек.
symmetria – өлчөмдөш) – борбордун же ортоңку чийиндин эки жагына жайгашкан бөлүктөрдүн өлчөмүнүн бири-бирине дал келиши, бирдейлиги. Ошондой эле ар-түрдүү нерселердин жана кубулуштардын, процесстердин алардын составы, түзүлүшү менен байланыштуу болгон өзгөчөлүгү.
Симметрия көбүнчө геометриялык элементтерге (сызык, чекит, тегиздик) белгиленет. С-нын төмөнкүдөй түрлөрү бар: октуу же аксиаль симметриясы (медуза, флокстун гүлү), тегиздиктеги жана октуу же актиноморф Симметриясы (көпөлөк), чекиттүү же көп октуу (радиоляриялар), эки жактуу же билатэраль симметриясы (куш, киши, омурткалуулар)
Табиятта ассимметриялуу (Мисалы: көптөгөн өсүмдүктөрдүн жалбырактары), дисимметриялык биообъектилер 20-кылымдын 70-жылдарында ургаалдуу изилденген. Биообъективдин Симметриясы жөнүндөгү окуунун пайда болушу алардын касиеттери жана кызматы тууралуу, ошондой эле тиричиликтин келип чыгышы жана мааниси жөнүндөгү түшүнүктөрдү тереңдетүүгө мүмкүндүк берет.
Азыркы кезде табият таанууда Симметриянын мааниси чоң.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Симметрия, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.