Саяпкер (иранча ) – күлүк, жорго таптоочу адам.
Саяпкер атты таптаганда арыгын эттендирип, семизин арыктатып, жем-чөбү менен сууну күндө ченеп берген. Атты улам алыстатып чаап машыктырып, суутуп чыйралткан. Ат тапталып сынга толгондо, ага акырындык менен ат чабуучу баланы көнүктүргөн.
Бир С. бир же бир нече атты таптаган. Ар бир аттын турпатына, өзгөчөлүгүнө жараша ат таптоонун ар кандай ыкмасы (басуу, суутуу, таңашыруу жана башкалар) болгон. «Манаста» С. тууралуу ат чабыш окуяларында айтылат. Мисалы, Чапкан аттардын келгенинде Көкчөнүн Көгаласын чаап бараткан чабандес баланын сөзүндө С. эскерилет:
С. эпостун «Семетей» бөлүмүндө кеңири айтылат. «Каныкейдин Тайторуну чапканы» эпизодунда Каныкей Тайторуну кантип таптаганы толук айтылат. Ал Тайторунун «күндө терин», «айда терин», «ачуу терин», «сасык терин» алышы баяндалат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 79), к. Ат таптоо.
"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Саяпкер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.