Санскрит

Санскрит - инди-европа тил уясындагы байыркы инди жазма тилдеринин бири.

Б. з. ч. 1-кылымдан Түндүк Индияга тараган. Санскрит нормага салынган грамматикага, бир түргө келтирилген (унификацияланган) эрежелер системасына эгедер. Бул тилде көркөм чыгармалар, диний, философиялык ж. б. илимий адабияттар жазылган. Санскрит инди тилдерине (асыресе лексикасынын) жана санскрит, будда маданияты тараган элдердин тилинин өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген.

Санскрит Индияда гуманитардык илимдердин, табынуу-сыйынуунун тили, тар чөйрөдө оозеки сүйлөшмө тил катары да пайдаланылат.

Санскрит эпикалык, классикалык, веда санскрити, будда аргын санскрити жана жайн санскрити деп бир нече топко бөлүнөт. Жазуусу брахми системасында (кхароштхи, кушан жазуусу, гупта, нагари, деванагари ж. б.). Санскриттин өзүнө таандык фонологиялык, морфонологиялык өзгөчөлүктөрү бар. Синтаксиси тексттин мүнөзүнө жараша курулат: биринде флексиялама форма көп болсо, экинчисинде татаал сөз, аналитикалык форма басымдуу. Лексикасы бай жана стилистикалык жактан ар кыл. Европада санскрит 18-кылымдын аягынан тартып изилдене баштап, 19-кылымдын башында салыштырма тарыхый тил илиминин пайда болушунда чечүүчү мааниге ээ болгон.

Колдонулган адабияттар

  • Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9

Tags:

Инди-европа тилдериТил

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Нарын дарыясыАңгемеАлымбек даткаНептунМамбетимин уулу КазыбекДмитрий ШостаковичКыргыз урууларыАзербайжанАфрикаМетеоритАлмамбетКокон көтөрүлүштөрүОрмон ханМанас КүмбөзүБаш мүчөУлуу жибек жолуЖугуштуу ооруларАбортЕвразияКыргыз Республикасынын Кызыл китебиЫкташууТөлөгөн КасымбековКош бойлуулукЖумушсуздукАң-сезимАрхаизмКонсументтерТүркияИндияУзакбай АбдукаимовБаланын психикасынын өөрчүшүБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыМолдо КылычИсхак РаззаковБиринчи дүйнөлүк согушБир сомКаада- салттар,ырым-жырымдарБугу (уруу)Арстанбек Буйлаш уулуБөлүкчөИчки органдарУбакытПоэзияЭне-Сай кыргыздарынын чарбасыБеларусьАмерика Кошмо ШтаттарыКыргызстандын Россияга каратылышыКанКальцийЦин империясынын баскынчыл аракетине каршы көтөрүлүштөргө Кыргыздардын катышыТүргөш кагандыгыУлуттук паркКызыл китепТок булагыСооронбай ЖусуевКыргызстандын экологиялык көйгөйүАба ырайыАз кандуулукАбай КунанбаевДаван мамлекетиСүйрү мээЦин империясыАйтиев Гапар АйтиевичНарын облусуКыргыз тарыхы боюнча көөнө жазма булактарТоголок МолдоЭкологияДиалогТөрөтАвстралия (континент)Манастын күмбөзүУсубалиев Турдакун УсубалиевичСоциалдык институтБорбордук АмерикаЖарганатМаркетингБайыркы кыргыздар🡆 More